Кыргызстанда туризмдин экономикадагы үлүшү 3,8%га жетти

Кыргызстанда туризмдин экономикадагы үлүшү 3,8%га жетти

Кыргызстанда туризм тармагынын экономикадагы ролу өсүп жатат. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча туризм чөйрөсүндө түзүлгөн кошумча дүң нарк 74 млрд сомдон ашып, өлкөнүн ички дүң продукциясынын 3,8%ын түздү. Бул көрсөткүч 2021-жылы 3,2% болгон.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2025-жылы туризм тармагына 87 млн доллардан ашык түз чет элдик инвестиция тартылган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 7,8 эсеге көп.

Туризмге тартылган чет элдик инвестициялардын негизги бөлүгү Нидерландга туура келип, жалпы көлөмдүн 72,8%ын түзгөн. Андан кийинки орундарда Бириккен Араб Эмираттары — 8,2%, Өзбекстан — 5%, Швейцария — 4,3% жана Россия — 4,1% менен турат.

Ошол эле учурда 2025-жылы туризм объекттеринин курулушуна негизги капиталга 19,5 млрд сом инвестиция өздөштүрүлгөн. Бирок бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 27%га төмөндөгөндүгү маалым болду.

Туризм тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү да өскөн. 2025-жылы калкка 7,6 млрд сомдук туристтик-экскурсиялык кызмат көрсөтүлгөн. Бул 2024-жылга караганда 1,2 эсеге көп. Ал эми мейманканалардын жана кыска мөөнөткө жайгаштыруу үчүн башка жайлардын кызмат көрсөтүүлөрү 11 млрд сомдон ашып, бир жылда 9,9%га көбөйгөн.

Статистикалык маалымат боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 5,3 млн адам эс алган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көп.

КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылы - чет элдик жарандардын КРнын чек арасын кесип өтүүлөрүнүн саны 10,5 млн. учурду түзгөн. Чек араны кесип өтүүлөрдүн (келүүлөрдүн) көпчүлүгү - Өзбекстан, Казакстан, Россия жана Кытай өлкөлөрүнүн жарандарына туура келет.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө акциздик маркаларды алуу мөөнөтү 1 күнгө чейин кыскартылат

Өлкөдө акциздик маркаларды алуу мөөнөтү 1 күнгө чейин кыскартылат

Кыргызстанда ишкерлер үчүн акциздик маркаларды алууга байланышкан арыздарды кароо жана чечим кабыл алуу мөөнөтүн 3-5 жумуш күнүнөн 1 жумуш күнүнө чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган аппараттык жыйында белгилүү болду. Маалым болгондой, учурда ишкерлер акциздик маркаларды алуу үчүн салык органдарына 3-4 жолу

Ишкер Media
Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка гидроэлектр станциясында реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКсы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда станциядагы гидроагрегаттар, 6 кВ чыңалуудагы электр жабдуулары, күч трансформаторлору жана түтүк өткөргүчтөр демонтаждалды. Алынган жабдуулардын айрымдарын башка чакан ГЭСтерде кайра пайдалануу пландалууда. Реконструкциялоо иштери Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредиттик жана гранттык каражаттарынын

Ишкер Media
Кыргызстанда мүлктү күрөөдөн чыгаруу мөөнөтү 5 саатка кыскарды

Кыргызстанда мүлктү күрөөдөн чыгаруу мөөнөтү 5 саатка кыскарды

Кыргызстанда насыя толук төлөнгөндөн кийин мүлккө коюлган чектөөлөрдү алып салуу процесси санариптештирилди. Бул тууралуу 26-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өткөн аппараттык жыйында маалымдалды. Маалыматка караганда, буга чейин жарандар насыясын төлөп бүткөндөн кийин банкка жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке барып, тиешелүү документтерди тапшырууга милдеттүү болушкан. Бул процесс

Ишкер Media
Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнөдөн кайтты

Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнөдөн кайтты

Белгилүү коомдук ишмер, педагог, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн Чыңгыз Айтматовдун фондунан кабарлашты. Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек

Ишкер Media