Салык кызматы айрым салык төлөөчүлөргө жеңилдик берүүнү сунуштады

Салык кызматы айрым салык төлөөчүлөргө жеңилдик берүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 31-августуна чейинки мезгилде бирдиктүү салыкты жана сатуудан алынуучу салыкты эсептик каттоого турган жери боюнча эмес, салыктык катталган жери боюнча төлөгөндөрдү салыктык жоопкерчиликтен бошотууну сунуштады.

Буга чейин айрым салык төлөөчүлөр аталган салыктарды эсепке турган жеринин ордуна салыктык катталган жери боюнча төлөп келишкен. Бул салык мыйзамдарынын талаптарын бузуу болуп саналат.

Маселени жөнгө салуу үчүн Салык кызматы тиешелүү ченемди иштеп чыгып, Экономика жана коммерция министрлигине мыйзам долбооруна киргизүү үчүн жөнөттү. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилде мындай учурларга байланыштуу салыктык жоопкерчилик чаралары колдонулбайт.

Ошол эле учурда 2026-жылдын август айындагы салыктык милдеттенмелерден тартып, төлөө мөөнөтү сентябрда келген учурда, бирдиктүү салык жана сатуудан алынуучу салык эсептик каттоого турган жер боюнча төлөнүшү керек.

Салык кызматы төлөөчүлөрдү эсепке турган жерин жана төлөм реквизиттерин алдын ала текшерүүгө чакырат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө акциздик маркаларды алуу мөөнөтү 1 күнгө чейин кыскартылат

Өлкөдө акциздик маркаларды алуу мөөнөтү 1 күнгө чейин кыскартылат

Кыргызстанда ишкерлер үчүн акциздик маркаларды алууга байланышкан арыздарды кароо жана чечим кабыл алуу мөөнөтүн 3-5 жумуш күнүнөн 1 жумуш күнүнө чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган аппараттык жыйында белгилүү болду. Маалым болгондой, учурда ишкерлер акциздик маркаларды алуу үчүн салык органдарына 3-4 жолу

Ишкер Media
Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка гидроэлектр станциясында реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКсы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда станциядагы гидроагрегаттар, 6 кВ чыңалуудагы электр жабдуулары, күч трансформаторлору жана түтүк өткөргүчтөр демонтаждалды. Алынган жабдуулардын айрымдарын башка чакан ГЭСтерде кайра пайдалануу пландалууда. Реконструкциялоо иштери Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредиттик жана гранттык каражаттарынын

Ишкер Media
Кыргызстанда мүлктү күрөөдөн чыгаруу мөөнөтү 5 саатка кыскарды

Кыргызстанда мүлктү күрөөдөн чыгаруу мөөнөтү 5 саатка кыскарды

Кыргызстанда насыя толук төлөнгөндөн кийин мүлккө коюлган чектөөлөрдү алып салуу процесси санариптештирилди. Бул тууралуу 26-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өткөн аппараттык жыйында маалымдалды. Маалыматка караганда, буга чейин жарандар насыясын төлөп бүткөндөн кийин банкка жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке барып, тиешелүү документтерди тапшырууга милдеттүү болушкан. Бул процесс

Ишкер Media
Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнөдөн кайтты

Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнөдөн кайтты

Белгилүү коомдук ишмер, педагог, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн Чыңгыз Айтматовдун фондунан кабарлашты. Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек

Ишкер Media