Терек-Сай кенинен мамлекеттик казынага 9 млрд сомдон ашык каражат түшкөн

Терек-Сай кенинен мамлекеттик казынага 9 млрд сомдон ашык каражат түшкөн

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана мамлекет тарабынан кабыл алынган саясий чечимдердин негизинде Терек-Сайдагы тоо-кен өндүрүшү кайра жанданып, бүгүнкү күндө өлкө экономикасына реалдуу пайда алып келе баштады. Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдан кийин ишканага инвесторлор тартылып, 2022-жылы техникалык банкроттук абалга байланыштуу мамлекет тарабынан инвесторлорду колдоо максатында жаңы инвестициялык келишим түзүлгөн. 

Натыйжада өндүрүш кайра жанданып, бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттин бюджетине 9 млрд сомдон ашык каражат түшүрүлдү. Ишкана бир жылда 1 тонна 820 кг алтын өндүрдү. Кийинки жылдан тартып жылына 2 тоннадан ашык алтын өндүрүү пландалууда. 

Ошол эле учурда мамлекеттик бюджетке жыл сайын 30 млндоллардан ашык салыктык киреше түшөт. Мындан тышкары, жергиликтүү бюджетке 200 млн сом которулат.

Бүгүнкү күндө кенде 600дөн ашык адам эмгектенсе, алардын 90%ы жергиликтүү тургундар.

Мындан тышкары окуңуз

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media
Ала-Букада 200 млн долларга эки күн электр станциясын куруу пландалууда

Ала-Букада 200 млн долларга эки күн электр станциясын куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жалпы кубаттуулугу 230 МВт болгон эки күн электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 25-октябрдагы иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалды. Билдирүүгө караганда, биринчи долбоор Айры-Там айыл аймагында ишке ашырылып, 204 гектар жерге күн панелдерин орнотуу каралган. Станциянын кубаттуулугу 130 МВтты,

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы

Ишкер Media
Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Жарандар турак жай, жаңы унаа сатып алууга, саякатка, балдардын келечеги үчүн акча каражатын топтоонун каалашат. Мындай материалдык муктаждыктарды ишке ашыруу үчүн үй-бүлөлүк бюджетти пландоо же финансылык сабаттуулук абдан маанилүү. Бул байланыштуу "Ишкер" медиа сайты даярдаган финансылык сабаттуулук боюнча суроолорго КРнын Улуттук банкынын Коомчулук менен иш алып баруу

Ишкер Media