Тигүүчүлөр 2026-жылдын аягына чейин бирдиктүү салыктан бошотулду

Тигүүчүлөр 2026-жылдын аягына чейин бирдиктүү салыктан бошотулду

Бирдиктүү салык төлөөдөн жана бирдиктүү салык боюнча салыктык отчет берүүдөн тигүү жана текстиль өндүрүшүн жүргүзгөн субъекттер, ЕАЭБ мүчө мамлекеттерде электрондук соода аянтчалары аркылуу товарларды сатууну жүзөгө ашырган субъекттер (селлерлер) үчүн салыктык жеңилдиктер берилди.

КРнын Салык кызматынын маалыматына караганда, аталган категориядагы тигүүчүлөр 2026-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин бошотулат. Бул бошотуу КРнын салык органдарында белгиленген тартипте катталган субъекттерге карата колдонулат.

Селлерлер үчүн жеңилдикти колдонууда — электрондук соода аянтчасынан субъект тиешелүү платформада өзүнүн ИННин колдонуу менен иш жүргүзүп жаткандыгын тастыктаган документтин болушу шартталат.

Билдирүүгө ылайык, салыктан бошотуу бирдиктүү салыкка жана ал боюнча отчеттуулукка гана тиешелүү. Башка салыктык милдеттенмелер жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттенмелер сакталуу бойдон калат.

Тактап айтканда, жалданма кызматкерлер киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулбайт. Иш берүүчүлөр мурдагыдай эле өз кызматкерлери үчүн тиешелүү төлөмдөрдү эсептеп, кармап калууга жана бюджетке которууга милдеттүү.

Мындан тышкары окуңуз

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЭЭАда иш алып барган ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов эркин экономикалык аймактардын (ЭЭА) жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда ЭЭА жетекчилери 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыктары, жетишилген көрсөткүчтөр жана учурдагы иштердин натыйжалары тууралуу маалыматтарды беришти. Катышуучулар инвестиция тартуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу

Ишкер Media
Ала-Букада 200 млн долларга эки күн электр станциясын куруу пландалууда

Ала-Букада 200 млн долларга эки күн электр станциясын куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жалпы кубаттуулугу 230 МВт болгон эки күн электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 25-октябрдагы иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалды. Билдирүүгө караганда, биринчи долбоор Айры-Там айыл аймагында ишке ашырылып, 204 гектар жерге күн панелдерин орнотуу каралган. Станциянын кубаттуулугу 130 МВтты,

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы

Ишкер Media
Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Акча чогултуу жана сактоо жол-жоболору

Жарандар турак жай, жаңы унаа сатып алууга, саякатка, балдардын келечеги үчүн акча каражатын топтоонун каалашат. Мындай материалдык муктаждыктарды ишке ашыруу үчүн үй-бүлөлүк бюджетти пландоо же финансылык сабаттуулук абдан маанилүү. Бул байланыштуу "Ишкер" медиа сайты даярдаган финансылык сабаттуулук боюнча суроолорго КРнын Улуттук банкынын Коомчулук менен иш алып баруу

Ишкер Media