Бишкекте орточо эмгек акы 64 293 сомду түздү

Бишкекте орточо эмгек акы 64 293 сомду түздү

Бишкек шаарында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында номиналдык орточо айлык эмгек акы 64 293 сомду түздү. Бул 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 23%га көп. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, жылдын биринчи жарымында борбор калаада 76 млрд 4 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Өнөр жай өндүрүшүнүн физикалык көлөмүнүн индекси 116,1%ды түзүп, Бишкектин республикадагы жалпы өндүрүштөгү үлүшү 16,9%га жетти.

"100 өнөр жай ишканасы – 2026" долбоорунун алкагында Бишкекте төрт жаңы өндүрүш ишканасын ишке киргизүү пландалууда.

Ошондой эле рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 777 млрд 799 млн сомду түзүп, 9,1%га өстү. Бишкектин республикадагы рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 64,3%ды түздү.

Курулуш тармагында 54 млрд 920 млн сомдук продукция өндүрүлүп, көлөмү өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1,7 эсеге өстү. Бишкектин өлкөдөгү жалпы курулуш көлөмүндөгү үлүшү 26,3% болду.

Ал эми керектөө бааларынын индекси 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 110,1%ды түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Бажы кызматынын кинологдору ведомстволор аралык мелдеште жеңишке жетишти

Бажы кызматынын кинологдору ведомстволор аралык мелдеште жеңишке жетишти

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын командасы кызматтык иттерди үйрөтүү боюнча биринчи ведомстволор аралык мелдеште командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жеке эсепте да бажынын кинологдору мыкты жыйынтык көрсөтүшкөн. Алексей Тарасенко Энцо аттуу кызматтык ити менен биринчи орунду, Наталья Гладкова Фрея аттуу ити менен экинчи

Ишкер Media
Кыргызстан Түрк инвестициялык фондунун жыйынына катышты

Кыргызстан Түрк инвестициялык фондунун жыйынына катышты

Өзбекстандын Ташкент шаарында Түрк инвестициялык фондунун Башкаруучулар кеңешинин үчүнчү жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдады. Анда Фонддун ишмердигинин негизги багыттары, стратегиялык артыкчылыктары жана андан аркы институционалдык өнүгүүсү талкууланды. Кыргыз Республикасынын атынан жыйынга экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Фонддун Башкаруучулар кеңешиндеги башкаруучу катары катышты. Жыйында Фонддун

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 5 жылда 33 социалдык объект курулуп, оңдолду

Тогуз-Тородо 5 жылда 33 социалдык объект курулуп, оңдолду

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы экономикалык өнүгүүсү, жүзөгө ашырылган долбоорлор, учурдагы иштер жана келечек пландар менен таанышты. Бул тууралуу анын администрациясы маалымдады. Билдирүүгө караганда, Тогуз-Торо районунда 5 жылда жалпысынан 33 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилип,

Ишкер Media
Өлкөдө экспорттук уруксаттарды берүү мөөнөтү 14 күндөн 10 күнгө кыскартылат

Өлкөдө экспорттук уруксаттарды берүү мөөнөтү 14 күндөн 10 күнгө кыскартылат

Кыргызстанда экспорттук көзөмөлгө алынган товарлар боюнча уруксат берүүчү документтерди даярдоо мөөнөтүн 14 жумуш күнүнөн 10 жумуш күнүнө чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн өткөн аппараттык жыйында маалымдалганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, учурда ишкерлер экспорттук көзөмөлгө алынган товарларга уруксат алуу үчүн мамлекеттик органдарга бир нече жолу кайрылып,

Ишкер Media