Бишкектин бюджетине алты айда 22,6 млрд сом түштү
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Бишкек шаарынын бюджетине 22,6 млрд сом түштү. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди.
Маалыматка ылайык, алты айдын жыйынтыгында бюджеттин киреше бөлүгү боюнча план 115,1%га аткарылды. Натыйжада пландагы көрсөткүчтөн 3 млрд сомго көп каражат түштү.
Салыктык кирешелер 14,4 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 5 млрд сомго көбөйдү. Ал эми салыктык эмес кирешелер боюнча план 103,3%га аткарылды.
Мэриянын маалыматына караганда, акыркы беш жылда Бишкектин бюджетинин кирешеси дээрлик 5,6 эсеге өскөн.
2026-жылга карата борбор калаанын жергиликтүү бюджетинин такталган планы 47,8 млрд сомду түзөт.
