Декларацияланбаган товарлар: мамлекетке 3,8 млн сомдон ашык зыян өндүрүлдү

Декларацияланбаган товарлар: мамлекетке 3,8 млн сомдон ашык зыян өндүрүлдү

"Нарын" бажысынын кызматкерлери бажы мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-5-август күндөрү Кытайдан "Б.Х.Г." ЖЧКсынын дарегине эки оор жүк ташуучу унаа менен товарлар жеткирилген. Документтерде алар жалпы салмагы 9 440 кг болгон металл конструкциялар жана 37 100 кг болот түтүктөр катары көрсөтүлгөн.

Бажы көзөмөлүнүн жүрүшүндө белгиленген тартипте декларацияланбаган 56 түрдөгү товар табылган.

Аталган товарларды ички керектөө үчүн чыгарууда төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы 3 млн 824 миң сомдон ашкан.

Бул факт боюнча материалдар катталып, укуктук баа берүү үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында мамлекетке келтирилген 3,8 млн сомдон ашык зыян толугу менен өндүрүлдү.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө акциздик маркаларды алуу мөөнөтү 1 күнгө чейин кыскартылат

Өлкөдө акциздик маркаларды алуу мөөнөтү 1 күнгө чейин кыскартылат

Кыргызстанда ишкерлер үчүн акциздик маркаларды алууга байланышкан арыздарды кароо жана чечим кабыл алуу мөөнөтүн 3-5 жумуш күнүнөн 1 жумуш күнүнө чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган аппараттык жыйында белгилүү болду. Маалым болгондой, учурда ишкерлер акциздик маркаларды алуу үчүн салык органдарына 3-4 жолу

Ишкер Media
Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка гидроэлектр станциясында реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКсы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда станциядагы гидроагрегаттар, 6 кВ чыңалуудагы электр жабдуулары, күч трансформаторлору жана түтүк өткөргүчтөр демонтаждалды. Алынган жабдуулардын айрымдарын башка чакан ГЭСтерде кайра пайдалануу пландалууда. Реконструкциялоо иштери Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредиттик жана гранттык каражаттарынын

Ишкер Media
Кыргызстанда мүлктү күрөөдөн чыгаруу мөөнөтү 5 саатка кыскарды

Кыргызстанда мүлктү күрөөдөн чыгаруу мөөнөтү 5 саатка кыскарды

Кыргызстанда насыя толук төлөнгөндөн кийин мүлккө коюлган чектөөлөрдү алып салуу процесси санариптештирилди. Бул тууралуу 26-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өткөн аппараттык жыйында маалымдалды. Маалыматка караганда, буга чейин жарандар насыясын төлөп бүткөндөн кийин банкка жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке барып, тиешелүү документтерди тапшырууга милдеттүү болушкан. Бул процесс

Ишкер Media
Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнөдөн кайтты

Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнөдөн кайтты

Белгилүү коомдук ишмер, педагог, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн Чыңгыз Айтматовдун фондунан кабарлашты. Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек

Ишкер Media