Документсиз товар ташыгандарга 350 миң сомго чейин айып салынат

Документсиз товар ташыгандарга 350 миң сомго чейин айып салынат

Кыргызстанда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды жана транспорт каражаттарын тиешелүү документтери жок алып өтүү үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Жаңы талаптар 2026-жылдын 21-августунан тартып күчүнө кирет. Айып пулдун өлчөмү товардын наркына жана укук бузууну ким жасаганына жараша белгиленет.

Товардын наркы 500 миң сомдон аз болсо, жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 100 миң сом айып салынат. Товардын баасы 500 миң сомдон 1 млн сомго чейин болсо, айып пул жеке жактар үчүн 100 миң, юридикалык жактар үчүн 200 миң сомду түзөт.

Ал эми товардын наркы 1 млн сом жана андан жогору болгон учурда жеке жактарга 200 миң сом, юридикалык жактарга 300 миң сом айып каралган.

Эгер мыйзам бузуу бир жылдын ичинде кайталанса, айып пулдун көлөмү көбөйөт. Мындай учурда товардын наркына жараша жеке жактарга 70 миңден 250 миң сомго чейин, юридикалык жактарга 130 миңден 350 миң сомго чейин айып салынат.

Мындан тышкары, бир жылдын ичинде укук бузуу кайталанган учурда тиешелүү товарлар конфискацияланат.

Салык кызматы ташуучуларды, салык төлөөчүлөрдү жана транспорт каражаттарынын ээлерин чек арадан товар алып өтүүдө зарыл документтерди өз убагында жана туура тариздөөгө чакырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө акциздик маркаларды алуу мөөнөтү 1 күнгө чейин кыскартылат

Өлкөдө акциздик маркаларды алуу мөөнөтү 1 күнгө чейин кыскартылат

Кыргызстанда ишкерлер үчүн акциздик маркаларды алууга байланышкан арыздарды кароо жана чечим кабыл алуу мөөнөтүн 3-5 жумуш күнүнөн 1 жумуш күнүнө чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган аппараттык жыйында белгилүү болду. Маалым болгондой, учурда ишкерлер акциздик маркаларды алуу үчүн салык органдарына 3-4 жолу

Ишкер Media
Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка гидроэлектр станциясында реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКсы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда станциядагы гидроагрегаттар, 6 кВ чыңалуудагы электр жабдуулары, күч трансформаторлору жана түтүк өткөргүчтөр демонтаждалды. Алынган жабдуулардын айрымдарын башка чакан ГЭСтерде кайра пайдалануу пландалууда. Реконструкциялоо иштери Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредиттик жана гранттык каражаттарынын

Ишкер Media
Кыргызстанда мүлктү күрөөдөн чыгаруу мөөнөтү 5 саатка кыскарды

Кыргызстанда мүлктү күрөөдөн чыгаруу мөөнөтү 5 саатка кыскарды

Кыргызстанда насыя толук төлөнгөндөн кийин мүлккө коюлган чектөөлөрдү алып салуу процесси санариптештирилди. Бул тууралуу 26-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өткөн аппараттык жыйында маалымдалды. Маалыматка караганда, буга чейин жарандар насыясын төлөп бүткөндөн кийин банкка жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке барып, тиешелүү документтерди тапшырууга милдеттүү болушкан. Бул процесс

Ишкер Media
Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнөдөн кайтты

Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнөдөн кайтты

Белгилүү коомдук ишмер, педагог, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн Чыңгыз Айтматовдун фондунан кабарлашты. Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек

Ишкер Media