Кыргызстан күйүүчү май импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзөт

Кыргызстан күйүүчү май импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзөт

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында Борбор Азиядагы жана Кыргызстандагы мунай рыногунун учурдагы абалы, күйүүчү май импорттоо жана керектүү запастарды түзүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдар менен иштеген компанияларга мамлекеттик субсидия берүү жана ички рынокту мунай заттары менен жетиштүү деңгээлде камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер каралды.

Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев өлкөнү мунай заттары менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, рыноктогу абалга мониторингди күчөтүү жана күйүүчү май компаниялары менен иш алып баруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, мунай заттарын импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзүү, мамлекеттик чек арадагы логистикалык маселелерди чечүү жана зарыл чараларды өз убагында көрүү тапшырылды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо багытында Россия, Беларусь, Кытай жана Өзбекстан менен кызматташат.

Өлкөнүн мунай заттарына болгон жылдык керектөөсү орточо 1,5 млн тоннадан ашат.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө акциздик маркаларды алуу мөөнөтү 1 күнгө чейин кыскартылат

Өлкөдө акциздик маркаларды алуу мөөнөтү 1 күнгө чейин кыскартылат

Кыргызстанда ишкерлер үчүн акциздик маркаларды алууга байланышкан арыздарды кароо жана чечим кабыл алуу мөөнөтүн 3-5 жумуш күнүнөн 1 жумуш күнүнө чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган аппараттык жыйында белгилүү болду. Маалым болгондой, учурда ишкерлер акциздик маркаларды алуу үчүн салык органдарына 3-4 жолу

Ишкер Media
Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка ГЭСинин кубаттуулугу 10 МВтка чейин жогорулатылат

Лебединовка гидроэлектр станциясында реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКсы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда станциядагы гидроагрегаттар, 6 кВ чыңалуудагы электр жабдуулары, күч трансформаторлору жана түтүк өткөргүчтөр демонтаждалды. Алынган жабдуулардын айрымдарын башка чакан ГЭСтерде кайра пайдалануу пландалууда. Реконструкциялоо иштери Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредиттик жана гранттык каражаттарынын

Ишкер Media
Кыргызстанда мүлктү күрөөдөн чыгаруу мөөнөтү 5 саатка кыскарды

Кыргызстанда мүлктү күрөөдөн чыгаруу мөөнөтү 5 саатка кыскарды

Кыргызстанда насыя толук төлөнгөндөн кийин мүлккө коюлган чектөөлөрдү алып салуу процесси санариптештирилди. Бул тууралуу 26-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өткөн аппараттык жыйында маалымдалды. Маалыматка караганда, буга чейин жарандар насыясын төлөп бүткөндөн кийин банкка жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке барып, тиешелүү документтерди тапшырууга милдеттүү болушкан. Бул процесс

Ишкер Media
Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнөдөн кайтты

Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова дүйнөдөн кайтты

Белгилүү коомдук ишмер, педагог, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова 89 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн Чыңгыз Айтматовдун фондунан кабарлашты. Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек

Ишкер Media