ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди.

Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү.

Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө көңүл бурулуп, жооптуу түзүмдөргө даярдык иштерине байланышкан чыгымдарды текшерип, аудит жүргүзүү тапшырылды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү негиздер болгон учурда материалдарды белгиленген тартипте укук коргоо органдарына берүү каралган.

Мындан тышкары, К. Кожомкул атындагы Спорт сарайында эл аралык деңгээлдеги бассейн куруу долбоорун ишке ашыруу өзгөчө көзөмөлгө алынат.

Жыйындын соңунда мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине берилген тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу милдеттендирилди.

Мындан тышкары окуңуз

Бажы кызматынын кинологдору ведомстволор аралык мелдеште жеңишке жетишти

Бажы кызматынын кинологдору ведомстволор аралык мелдеште жеңишке жетишти

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын командасы кызматтык иттерди үйрөтүү боюнча биринчи ведомстволор аралык мелдеште командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жеке эсепте да бажынын кинологдору мыкты жыйынтык көрсөтүшкөн. Алексей Тарасенко Энцо аттуу кызматтык ити менен биринчи орунду, Наталья Гладкова Фрея аттуу ити менен экинчи

Ишкер Media
Кыргызстан Түрк инвестициялык фондунун жыйынына катышты

Кыргызстан Түрк инвестициялык фондунун жыйынына катышты

Өзбекстандын Ташкент шаарында Түрк инвестициялык фондунун Башкаруучулар кеңешинин үчүнчү жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдады. Анда Фонддун ишмердигинин негизги багыттары, стратегиялык артыкчылыктары жана андан аркы институционалдык өнүгүүсү талкууланды. Кыргыз Республикасынын атынан жыйынга экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Фонддун Башкаруучулар кеңешиндеги башкаруучу катары катышты. Жыйында Фонддун

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 5 жылда 33 социалдык объект курулуп, оңдолду

Тогуз-Тородо 5 жылда 33 социалдык объект курулуп, оңдолду

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы экономикалык өнүгүүсү, жүзөгө ашырылган долбоорлор, учурдагы иштер жана келечек пландар менен таанышты. Бул тууралуу анын администрациясы маалымдады. Билдирүүгө караганда, Тогуз-Торо районунда 5 жылда жалпысынан 33 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилип,

Ишкер Media
Өлкөдө экспорттук уруксаттарды берүү мөөнөтү 14 күндөн 10 күнгө кыскартылат

Өлкөдө экспорттук уруксаттарды берүү мөөнөтү 14 күндөн 10 күнгө кыскартылат

Кыргызстанда экспорттук көзөмөлгө алынган товарлар боюнча уруксат берүүчү документтерди даярдоо мөөнөтүн 14 жумуш күнүнөн 10 жумуш күнүнө чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн өткөн аппараттык жыйында маалымдалганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, учурда ишкерлер экспорттук көзөмөлгө алынган товарларга уруксат алуу үчүн мамлекеттик органдарга бир нече жолу кайрылып,

Ишкер Media