“Ак кеме” мейманканасы жаңыланып, ишке берилди

“Ак кеме” мейманканасы жаңыланып, ишке берилди

Бишкек шаарында жаңыланган «Ак-Кеме» мейманканасынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров баштаган коноктор катышты. Анын жүрүшүндө өлкө башчы мейманкана Акаевдин заманында түркиялык ишкерлер тарабынан курулгандыгын, кийин мамлекет объектини мыйзамсыз тартып алгандыктан, ишкер Нью-Йорктогу сотко кайрылып, Кыргызстанды 16,5 млн доллар доого жыккандыгын билдирди.

Садыр Жапаровдун айтымынада, учурда мейманкана 15 жылга ижарага берилип, кийин мейманкана кайра мамлекетке өтөрүн жана ал ай сайын 60 миң доллардан акы төлөп турарын белгиледи. 

“Жөн эле 15 жыл колдонбойт, жөн эле арендага берип коюп, 15 жыл карап отурбайбыз, бүгүнкү күндөн баштап айына 60 миң доллардан мамлекетке аренда төлөп турат. 60 миң доллар! Мурда 60 миң доллар эмес, тескерисинче 2023-жылы биз алган мезгилде 30 миллион сомдун тегерегинде ушул имараттын карызы бар болчу, ар кайсы төлөмдөр боюнча, коммуналык төлөмдөр бар. Мына ошентип бул имаратты инвесторлорго берип, 15 жылга мына ушундай абалга келтирдик.” – деди, өлкө башчы.

Президенттин билдирүүсүнө караганда, “Ак кеме” - 174 бөлмөдөн, конференцияларды жана ар кандай ишкердик жолугушууларды өткөрүүгө ылайыктуу залдары, ресторандар, спорттук жана эс алуу инфратүзүмү менен камсыздалды. Эми жаңыланган “Ак-Кеме” өлкөгө келген конокторду элибизге мүнөздүү меймандостук менен тосуп, борбор калаанын жана жалпы Кыргызстандын аброюн арттырган жайлардын бири катары кабыл алмакчы.

Мындан тышкары окуңуз

Бажы кызматынын кинологдору ведомстволор аралык мелдеште жеңишке жетишти

Бажы кызматынын кинологдору ведомстволор аралык мелдеште жеңишке жетишти

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын командасы кызматтык иттерди үйрөтүү боюнча биринчи ведомстволор аралык мелдеште командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жеке эсепте да бажынын кинологдору мыкты жыйынтык көрсөтүшкөн. Алексей Тарасенко Энцо аттуу кызматтык ити менен биринчи орунду, Наталья Гладкова Фрея аттуу ити менен экинчи

Ишкер Media
Кыргызстан Түрк инвестициялык фондунун жыйынына катышты

Кыргызстан Түрк инвестициялык фондунун жыйынына катышты

Өзбекстандын Ташкент шаарында Түрк инвестициялык фондунун Башкаруучулар кеңешинин үчүнчү жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдады. Анда Фонддун ишмердигинин негизги багыттары, стратегиялык артыкчылыктары жана андан аркы институционалдык өнүгүүсү талкууланды. Кыргыз Республикасынын атынан жыйынга экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Фонддун Башкаруучулар кеңешиндеги башкаруучу катары катышты. Жыйында Фонддун

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 5 жылда 33 социалдык объект курулуп, оңдолду

Тогуз-Тородо 5 жылда 33 социалдык объект курулуп, оңдолду

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы экономикалык өнүгүүсү, жүзөгө ашырылган долбоорлор, учурдагы иштер жана келечек пландар менен таанышты. Бул тууралуу анын администрациясы маалымдады. Билдирүүгө караганда, Тогуз-Торо районунда 5 жылда жалпысынан 33 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилип,

Ишкер Media
Өлкөдө экспорттук уруксаттарды берүү мөөнөтү 14 күндөн 10 күнгө кыскартылат

Өлкөдө экспорттук уруксаттарды берүү мөөнөтү 14 күндөн 10 күнгө кыскартылат

Кыргызстанда экспорттук көзөмөлгө алынган товарлар боюнча уруксат берүүчү документтерди даярдоо мөөнөтүн 14 жумуш күнүнөн 10 жумуш күнүнө чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн өткөн аппараттык жыйында маалымдалганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, учурда ишкерлер экспорттук көзөмөлгө алынган товарларга уруксат алуу үчүн мамлекеттик органдарга бир нече жолу кайрылып,

Ишкер Media