"Кыргызалтындын" таза кирешеси алты айда 33 млрд сомго жетти

"Кыргызалтындын" таза кирешеси алты айда 33 млрд сомго жетти

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында "Кыргызалтын" ААКнын таза кирешеси 33 млрд сомду түздү. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өскөн. Ошондой эле ал компаниянын 2025-жылдагы жалпы таза кирешесинен 1,8 эсеге көп.

2025-жылдын жыйынтыгында "Кыргызалтындын" таза кирешеси 18,7 млрд сом болгон. Демек, быйыл алты айда эле компания былтыркы жылдык көрсөткүчтөн 14,3 млрд сомго көп киреше тапты.

Компания финансылык көрсөткүчтөрдүн өсүшү жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүүгө жана кендерди өздөштүрүүгө кошумча мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

Алдыдагы үч жылда "Кыргызалтын" жалпы наркы 1 млрд доллардан ашкан стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатат. Алардын арасында Үңкүр-Таш, Тоголок, Чакуш, Талды-Булак жана Андаш кендерин өздөштүрүү долбоорлору бар.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бажы кызматынын кинологдору ведомстволор аралык мелдеште жеңишке жетишти

Бажы кызматынын кинологдору ведомстволор аралык мелдеште жеңишке жетишти

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын командасы кызматтык иттерди үйрөтүү боюнча биринчи ведомстволор аралык мелдеште командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жеке эсепте да бажынын кинологдору мыкты жыйынтык көрсөтүшкөн. Алексей Тарасенко Энцо аттуу кызматтык ити менен биринчи орунду, Наталья Гладкова Фрея аттуу ити менен экинчи

Ишкер Media
Кыргызстан Түрк инвестициялык фондунун жыйынына катышты

Кыргызстан Түрк инвестициялык фондунун жыйынына катышты

Өзбекстандын Ташкент шаарында Түрк инвестициялык фондунун Башкаруучулар кеңешинин үчүнчү жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдады. Анда Фонддун ишмердигинин негизги багыттары, стратегиялык артыкчылыктары жана андан аркы институционалдык өнүгүүсү талкууланды. Кыргыз Республикасынын атынан жыйынга экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Фонддун Башкаруучулар кеңешиндеги башкаруучу катары катышты. Жыйында Фонддун

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 5 жылда 33 социалдык объект курулуп, оңдолду

Тогуз-Тородо 5 жылда 33 социалдык объект курулуп, оңдолду

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы экономикалык өнүгүүсү, жүзөгө ашырылган долбоорлор, учурдагы иштер жана келечек пландар менен таанышты. Бул тууралуу анын администрациясы маалымдады. Билдирүүгө караганда, Тогуз-Торо районунда 5 жылда жалпысынан 33 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилип,

Ишкер Media
Өлкөдө экспорттук уруксаттарды берүү мөөнөтү 14 күндөн 10 күнгө кыскартылат

Өлкөдө экспорттук уруксаттарды берүү мөөнөтү 14 күндөн 10 күнгө кыскартылат

Кыргызстанда экспорттук көзөмөлгө алынган товарлар боюнча уруксат берүүчү документтерди даярдоо мөөнөтүн 14 жумуш күнүнөн 10 жумуш күнүнө чейин кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн өткөн аппараттык жыйында маалымдалганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, учурда ишкерлер экспорттук көзөмөлгө алынган товарларга уруксат алуу үчүн мамлекеттик органдарга бир нече жолу кайрылып,

Ишкер Media