“Макмал Голд Компани” ишканасы 741 млн сом пайда тапты

“Макмал Голд Компани” ишканасы 741 млн сом пайда тапты

Мамлекеттин колдоосу жана “Кыргызалтын” ААКнын натыйжалуу башкаруусунун аркасында“Макмал Голд Компани” комбинаты чыгым тарткан ишканадан туруктуу иштеген жана кирешелүү өндүрүшкө айланды.

“Кыргызалтын” ААКнын маалыматына ылайык, 2022-жылы ишкананын чыгымы 204 млн сомдон ашкан. 2023-жылы комбинат 20 млн сом пайда тапса, 2024-жылы бул көрсөткүч 126 млн сомду түзгөн.

“Ал эми 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкананын пайдасы 741 млн сомго жеткен. 2026-жылдын алгачкы алты айында комбинат 609 млн сом пайда тапкан”, – деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда ишканада өндүрүштүк кубаттуулуктарды жаңылоо, техникалык базаны жаңылоо жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле өндүрүштүк жабдуулар жаңыртылып, технологиялык процесстер өркүндөтүлүүдө.

Бул чаралар өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, ишкананын өндүрүштүк потенциалын бекемдөөгө жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган.

“Бүгүнкү күндө “Макмал Голд Компани” Жалал-Абад облусундагы негизги ишканалардын бири болуп саналат. Анын ишмердиги жаңы жумуш орундарын түзүүгө, бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууда”, – деп белгиледи ишканадан.

Мындан тышкары окуңуз

Казарманда суу системасын жаңылоого 300 млн сом талап кылынат

Казарманда суу системасын жаңылоого 300 млн сом талап кылынат

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында таза ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын калыбына келтирүү пландалууда. Бул тууралуу 26-октябрда президент Садыр Жапаровдун районго болгон иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалды. Билдирүүгө ылайык, долбоордун болжолдуу наркы 300 млн сомду түзөт. Аталган долбоор райондо ишке ашыруу пландалган,

Ишкер Media
26-октябрь - КРнын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү

26-октябрь - КРнын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү

Жыл сайын 26-октябрда - Кыргыз Республикасынын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет. Бул күн - жүргүнчү жана жүк ташуунун үзгүлтүксүз иштешин, ошондой эле өлкөнүн жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө салымын кошкон тараптардын кесиптик майрамы болуп саналат. Республиканын автоунаа транспорту өткөн кылымдын 30-жылдарынын башында өнүккөн, ал эми ташуу үчүн негизги жүктөр болуп

Ишкер Media
Бишкекте жылуулук 28-октябрда бериле баштайт

Бишкекте жылуулук 28-октябрда бериле баштайт

Бишкекте жылытуу сезону 28-октябрдан тарта башталат. Маалыматка ылайык, мындай чечим күн сууктап, эл электр энергиясын көп жага баштагандыктан кабыл алынган. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев белгиленген талаптарга ылайык, орточо суткалык абанын температурасы беш күн катары менен 8 градустан төмөн болгон учурда жылытуу сезону башталарын эске

Ишкер Media
Төрага Жапониядагы эмгектенген мекендештер менен жолукту

Төрага Жапониядагы эмгектенген мекендештер менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Жапониядагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөдө жашап, эмгектенип жана билим алып жаткан кыргызстандык мекендештер менен жолугушту. Жолугушууга Талант Мамытов баштаган “Ынтымак-Мекенчил” депутаттык тобунун мүчөлөрү жана Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Эркинбек Осоев катышты. Баарлашууда чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештер менен байланышты чыңдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо,

Ишкер Media