Сокулук айыл өкмөтүнүн казынасына 91,1 млн сом түштү

Сокулук айыл өкмөтүнүн казынасына 91,1 млн сом түштү

Сокулук айыл өкмөтүндө 2026- жылдын биринчи жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган бир катар иштер аткарылды.

Жергиликтүү бюджеттин киреше планы 146,7%га аткарылып, казынага 91,1 млн сом түштү. Бул тууралуу Сокулук айыл өкмөтүнөн кабарлашты.

Сокулук айыл өкмөтү башчысы Р.Иштыбаевдин маалыматына караганда , түшкөн каражаттын негизги бөлүгү салыктык кирешелерден түзүлдү. Салыктык киреше 90, 2 млн сомду түзүп , план 127, 6%га аткарылган. Салыктык эмес кирешелерден 2,9 млн сом чогулду. 

Аймакта жол инфраструктурасын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулган. Жалпысынан көчөлөргө асфалть төшөө жана тротуарларды курууга 51,8 млн сом багытталган. Ошондой эле 2 чакырым аралык жол ондолуп, шагыл төшөлдү.

Жөө жүргүнчүлөр үчүн жаңы тротуарлар салынып , жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында бир катар көчөлөргө жасалма жол тосмолору орнотулду.

Мындан тышкары окуңуз

Казарманда суу системасын жаңылоого 300 млн сом талап кылынат

Казарманда суу системасын жаңылоого 300 млн сом талап кылынат

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында таза ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын калыбына келтирүү пландалууда. Бул тууралуу 26-октябрда президент Садыр Жапаровдун районго болгон иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалды. Билдирүүгө ылайык, долбоордун болжолдуу наркы 300 млн сомду түзөт. Аталган долбоор райондо ишке ашыруу пландалган,

Ишкер Media
26-октябрь - КРнын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү

26-октябрь - КРнын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү

Жыл сайын 26-октябрда - Кыргыз Республикасынын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет. Бул күн - жүргүнчү жана жүк ташуунун үзгүлтүксүз иштешин, ошондой эле өлкөнүн жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө салымын кошкон тараптардын кесиптик майрамы болуп саналат. Республиканын автоунаа транспорту өткөн кылымдын 30-жылдарынын башында өнүккөн, ал эми ташуу үчүн негизги жүктөр болуп

Ишкер Media
Бишкекте жылуулук 28-октябрда бериле баштайт

Бишкекте жылуулук 28-октябрда бериле баштайт

Бишкекте жылытуу сезону 28-октябрдан тарта башталат. Маалыматка ылайык, мындай чечим күн сууктап, эл электр энергиясын көп жага баштагандыктан кабыл алынган. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев белгиленген талаптарга ылайык, орточо суткалык абанын температурасы беш күн катары менен 8 градустан төмөн болгон учурда жылытуу сезону башталарын эске

Ишкер Media
Төрага Жапониядагы эмгектенген мекендештер менен жолукту

Төрага Жапониядагы эмгектенген мекендештер менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Жапониядагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөдө жашап, эмгектенип жана билим алып жаткан кыргызстандык мекендештер менен жолугушту. Жолугушууга Талант Мамытов баштаган “Ынтымак-Мекенчил” депутаттык тобунун мүчөлөрү жана Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Эркинбек Осоев катышты. Баарлашууда чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештер менен байланышты чыңдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо,

Ишкер Media