Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат
Бишкекте "100 өнөр жай ишканасы — 2026" программасынын алкагында жаңы өндүрүш объектилерин ишке киргизүүгө даярдык жүрүүдө. Алардын даярдыгын 25-августта шаар мэри Айбек Жунушалиев текшерди.
"КыргызТрансформатор" ЖЧКсында күч трансформаторлорун чыгаруу пландалууда. Учурда курулуш-монтаждоо иштери аяктап, жабдуулар орнотулду. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1 миң трансформаторду түзүп, 50гө чейин жумуш орду ачылат.
Ал эми "Биринчи индустриалдык комплекс" ЖЧКсынын ("Полибетон" ААК) кошумча кулинардык цехи 95%га даяр. Бул жерде даяр тамак-аш, нан жана кондитердик азыктар, куурулган азыктар жана салаттар өндүрүлөт. Ишкана ачылгандан кийин 200дөн ашык жумуш орду түзүлөт.
Мындан тышкары, "Флагман компани" ЖЧКсынын металл конструкцияларын жана металл буюмдарын чыгаруучу заводунун даярдыгы 98 пайызга жетти. Завод жылына 6 миң тонна продукция чыгарууга эсептелген жана 35 жумуш ордун түзөт.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр долбоорлорду ишке ашырууда жакшы динамика бар экенин белгилеп, ишканаларга зарыл көмөк көрсөтүү жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча тапшырмаларды берди.





