Эгемендүүлүк күнүнө карата 75 ишкана ачылат

Эгемендүүлүк күнүнө карата 75 ишкана ачылат

2026-жылы Кыргызстандын 7 облусунда 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкана жана өндүрүш объектисин ишке берүү пландалууда. Бул 2025-жылга салыштырмалуу жаңы ишканалардын санын дээрлик 19%га көбөйтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министринин орун басары Рысгүл Акимжанова билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы ишканалар сүт, эт, мөмө-жемиш жана жашылчаларды кайра иштетүү, азык-түлүк, балык жана канаттуулар продукциясын өндүрүү, ошондой эле сактоо, таңгактоо жана логистика багыттарында иш алып барат.

Долбоорлор Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарын камтыйт.

Эске салсак, 2025-жылы 63 жаңы ишкана ишке берилип, 2 707 жумуш орду түзүлгөн.

Жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы айыл чарба продукциясын өлкө ичинде терең кайра иштетүүнү кеңейтүүгө, кошумча наркты жогорулатууга жана аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.

Министрлик долбоорлордун өз убагында ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүп, тиешелүү колдоо көрсөтүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Тогуз-Тородо 912 МВт кубаттуулуктагы ГЭСтер каскадын куруу ишке ашырылууда

Тогуз-Тородо 912 МВт кубаттуулуктагы ГЭСтер каскадын куруу ишке ашырылууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 26-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Тогуз-Торо районунда жалпы долбоордук кубаттуулугу 912 МВт болгон Казарман ГЭСтер каскадын куруу долбоору ишке ашырылууда. Маалыматка ылайык, Казарман ГЭСтер каскады

Ишкер Media
Токтогулда 2030-жылга чейин 20 бала бакча жана 9 мектеп куруу пландалууда

Токтогулда 2030-жылга чейин 20 бала бакча жана 9 мектеп куруу пландалууда

Токтогул районунда 2030-жылга чейин 9 мектеп, 20 бала бакча жана 2 оорукана куруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Мындан тышкары, район аймагында 5 фельдшердик-акушердик пункт жана 5 спорт залын куруу каралган. Ошондой эле калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча

Ишкер Media
РФда - майда тыйындарды акчага алмаштыруу, КРда - жыйым топтоо өнөктүгү башталды

РФда - майда тыйындарды акчага алмаштыруу, КРда - жыйым топтоо өнөктүгү башталды

Россияда 26-октябрдан 7-ноябрга чейин "Монета жумалыгы" акциясы өтөт. Ал эми Кыргызстанда 26-октябрдан тартып Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнүнө арналган финансылык сабаттуулук өнөктүгү өткөрүлөт. Эки өлкөнүн аталган ишчаралары, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталат. Россияда майда тыйындарды комиссиясыз алмаштыруу жумалыгы башталды Россиядагы “Монета жумалыгы” акциясынын алкагында жарандар

Ишкер Media
Өлкөдө былтыр автоунаалар менен 62 млн тонна жүк ташылган

Өлкөдө былтыр автоунаалар менен 62 млн тонна жүк ташылган

Кыргызстанда 2025-жылы автоунаа транспорту менен 62 млн тонна жүк (же алардын көлөмүнүн 80 пайыздан ашыгы) ташылган. КРнын Статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, жүк ташуулардын олуттуу бөлүгү (56 пайыздан ашыгы) жеке ишкерлер тарабынан ишке ашырылат. 2025-жылы жүк ташуулардын эң көп көлөмү Бишкек шаарынын, Талас, Чүй облустарындагы чарбалык субъекттерине туура келген.

Ишкер Media