Жыл башынан бери баалар 5,5% өстү: эң көп эт, жемиш жана кызмат көрсөтүүлөр кымбаттады

Жыл башынан бери баалар 5,5% өстү: эң көп эт, жемиш жана кызмат көрсөтүүлөр кымбаттады

Кыргызстанда 2026-жылдын I жарым жылдыгында керектөө баалары жана тарифтер 5,5% өстү. Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын январь-июнь айларында керектөө баалары 4% өскөн. Быйылкы жылдын биринчи кварталында баалар 3,3%га, экинчи кварталында 2,2%га жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.

Кайсы азык-түлүктөр кымбаттады?

Жыл башынан бери азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баасы орточо 5,4% өскөн. Эң олуттуу өзгөрүүлөрдүн айрымдары:

-        жаңы союлган эт — 11,1%;
-        анын ичинде кой эти — 17%;
-        жылкы эти — 12,3%;
-        уй эти — 10,9%;
-        сүт, сыр жана жумуртка — 7%;
-        кант — 4,6%;
-        өсүмдүк майы — 2,7%;
-        ун — 0,7%.

Мындан тышкары, жаңы бышкан жемиштердин баасы 18,3% өскөн, ал эми жашылчалар тескерисинче 17,8% арзандаган. Картошканын баасы өлкө боюнча 6,8% жогорулаган. Ошол эле учурда күрүчтүн баасы жыл башына салыштырмалуу 1,1% төмөндөгөн.

Кызмат көрсөтүүлөр

Кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери биринчи жарым жылдыкта орточо 8,3% жогорулаган. Айрыкча:

-        турак жайды күнүмдүк күтүү жана оңдоо — 28,6%;
-        мейманкана жана ресторан кызматтары — 18%;
-        чач тарач кызматтары — 15,4%;
-        маданий иш-чараларды уюштуруу — 11%;
-        бут кийим оңдоо — 9,7%;
-        транспорттук кызматтар — 6,3%;
-        амбулаториялык кызматтар — 3,6% кымбаттаган.

Электр энергиясы менен күйүүчү май

Азык-түлүк эмес товарлардын баасы январь-июнь айларында 3,3% өскөн. Алардын ичинен электр энергиясынын тарифи 16,9%, ысык суу 10,1%, жаңы жеңил автоунаалар 7,3%, фармацевтика продукциялары 5,7%, газ 5,1%, күйүүчү-майлоочу материалдар 4,1% кымбаттаган.

Кийим-кече жана бут кийимдин баасы 3,7%, турмуш-тиричилик техникалары 3,2% өскөн.

Ал эми катуу отундун баасы 11,6%, колдонулган жеңил автоунаалар 3,8% жана жыгач материалдары 0,5% арзандаган.

Баалар эң көп кайсы аймакта өстү?

Керектөө бааларынын эң жогорку өсүшү Ош облусунда — 12,5% катталган. Бул жерде алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин баасы 17,3%, азык-түлүк эмес товарлар 9,8%, кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 21,8% өскөн.

Ал эми азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баасынын эң жогорку өсүшү Ысык-Көл облусунда — 8,9% болгон.

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунда

Статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын I жарым жылдыгында КМШ өлкөлөрүнүн ичинен керектөө товарлары жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча баалардын эң жогорку өсүшү Кыргызстанда — 5,5% катталган.

Ошол эле учурда июнь айындагы алты негизги азык-түлүктөн турган шарттуу топтомдун наркы Бишкекте 19,38 долларды түзгөн. Салыштыруу үчүн, Москвада бул көрсөткүч 32,90 доллар, Астанада 23,52 доллар, Минскиде 21,17 доллар болгон.

Өндүрүүчүлөрдүн баалары да өстү

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында өнөр жай товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн өндүрүүчүлөрдүн баалары жалпы республика боюнча 8,1 % жогорулады. Өзгөчө электр жабдууларын өндүрүүдө баалар 17,8%, сүттү кайра иштетүү жана сыр өндүрүүдө 15,7%, химиялык продукцияда 15,1%, негизги металлдарды өндүрүүдө 13,2% өскөн.

Электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо тармагында өндүрүүчүлөрдүн бааларынын 12,8 пайызга жогорулашынын эсебинен өндүрүүчүлөрдүн баалары 27,2 пайызга жогорулады.

Ошондой эле жыл башынан бери жүк ташуу кызматтарынын тарифтери жалпы республика боюнча 7,5%, анын ичинде темир жол аркылуу жүк ташуу тарифтери 7,7% жогорулаган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media