КРнын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын республикалык бюджети жөнүндө коомдук угуулар болот

КРнын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын республикалык бюджети жөнүндө коомдук угуулар болот

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 71 жана 127-беренелерине ылайык республикалык бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды уюштурат жана өткөрөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Коомдук бюджеттик угуулар - бул коомдук пикирди изилдөө, сунуштарды жана сунуштамаларды алуу, ошондой эле калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу максатында аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин түзүү жана аткаруу маселелерин ачык талкуулоо формасындагы иш-чара.
Ушуга байланыштуу Финансы министрлиги 2026-жылдын 16-сентябрында саат 10:30да Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чоң залында өтө турган “КРнын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” КРнын Мыйзамынын долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларга катышууга чакырып жатат.

Суроолор боюнча төмөнкү байланыш номурларына кайрылууга болот: 3012 - 62-53-13 (+1122); +996 221 815 595;  312 - 62-53-13 (+1122); +996 709 787 795; 312 - 62-53-13 (+1132); +996 997 888 890; 312 - 62-53-13 (+1124); +996 506 159 510;

Ал эми катышуу үчүн төмөнкү форма боюнча өтүнмөнү толтуруу сунушталат: https://www.minfin.kg/posts/show/obschestvennye-byudzhetnye-slushaniya-po-proektu-zakona-4

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media