Азык-түлүк коопсуздугу боюнча тапшырмалар берилди

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча тапшырмалар берилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңештин жыйыны өттү.

Жыйында өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугунун учурдагы абалы, 2026-жылга карата 9 социалдык маанилүү азык-түлүк товарлары боюнча баланстар жана 2027-жылга пландар талкууланды.

Ошондой эле товарлардын импорту, бааларды турукташтыруу, күйүүчү-майлоочу майлар, логистика, мамлекеттик резерв жана калктын туура тамактануусу боюнча маселелер каралды.

Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди. Анын ичинде 9 социалдык маанилүү азык-түлүк товары боюнча ыкчам аракеттенүү протоколдорун иштеп чыгуу, эт рыногундагы ишти күчөтүү, күзгү жана 2027-жылдагы жазгы талаа иштерине даярдыкты баштоо, жашылча-жемиштерди кайра иштетүүнү өнүктүрүү боюнча программа даярдоо тапшырылды.

Мындан тышкары, азык-түлүк коопсуздугу боюнча мыйзамдык базаны жаңылоо, фермерлердин жана керектөөчүлөрдүн коопсуз тамактануу боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле илимий-изилдөө институтунун аналитикалык борбор катары ишин күчөтүү милдети коюлду.

Эрлист Акунбеков тапшырмалардын аткарылышы көзөмөлгө алынарын айтып, белгиленген мөөнөттөрдүн бузулушу же иштин формалдуу аткарылышы үчүн жооптуу жетекчилердин жеке жоопкерчилиги караларын эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media