Бажыда металл прокатын мыйзамсыз тариздөө фактысы аныкталды

Бажыда металл прокатын мыйзамсыз тариздөө фактысы аныкталды

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кытайдан "Ч.К.М." ЖЧКсынын дарегине алып келинген металл прокатынын партиясын мыйзамсыз тариздөө фактысын аныктады.

Бажы кызматынын маалыматына ылайык, Түндүк-чыгыш бажысынын "Кант" бажылык тариздөө жайынын башкы инспектору К.М.Т. жана "Ч.К.М." ЖЧКсынын өкүлү А.Э.З. товарды бажылык тариздөө учурунда мыйзам бузууга жол беришкен.

Товарды туура эмес классификациялоонун натыйжасында бажы төлөмдөрү төмөндөтүлүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында аталган адамдарга КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айып тагылды. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен аларга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулуп, №1 тергөө абагына киргизилди.

Мамлекеттик бажы кызматы мындай мыйзам бузууларга бөгөт коюу иштерин улантарын жана тышкы экономикалык иштин катышуучулары менен бажы органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзам талаптарынын сакталышын камсыз кылуу принцибин карманарын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда 29 айыл таза суу менен камсыздалды

Ала-Бука районунда 29 айыл таза суу менен камсыздалды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Маалымдалгандай, Ала-Бука районунда аталган жылдары 29 айыл таза ичүүчү суу менен камсыздалып, 66 чакырымдан ашык жол асфальтталды. Ошондой эле

Ишкер Media
Улуттук банк насыяларды мөөнөтүнөн мурда төлөө жана күрөөнү текшерүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Улуттук банк насыяларды мөөнөтүнөн мурда төлөө жана күрөөнү текшерүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы насыяларды аралыктан тейлөө каналдары аркылуу мөөнөтүнөн мурда төлөө жол-жоболорун өркүндөтүүнү жана күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлктү видео аркылуу текшерүү мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банктын коомдук талкууга чыгарган токтом долбоорунда камтылган. Документке ылайык, насыя алуучуларга банкка барбастан, аралыктан тейлөө каналдары аркылуу насыясын мөөнөтүнөн мурда төлөө мүмкүнчүлүгүн

Ишкер Media
Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Россиянын бизнес коомчулугуна тааныштырылды

Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Россиянын бизнес коомчулугуна тааныштырылды

Соода-өнөр жай палатасынын Россия Федерациясындагы расмий өкүлү Кубанычбек Осмонбеков инвестициялык коомчулуктун өкүлдөрүнө Кыргызстандын инвестициялык потенциалын тааныштырды. Мекеменин маалыматына ылайык, анда өлкөнүн инвестиция тартуудагы артыкчылыктуу багыттары, Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү баяндалды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын банк секторуна, эл аралык эсептешүүлөргө, ошондой эле

Ишкер Media
"Ош базары" 2027-жылы көчүрүлөт

"Ош базары" 2027-жылы көчүрүлөт

"Ош базары" 2027-жылдын март-апрель айларында көчүрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы эл менен болгон жолугушуулардын биринде айтты. Анда өлкө башчы базарды мамлекет өзү куруп жатканын билдирди. "2021-жылы эле Бишкектеги жана Кара-Суу базарларынын ээлерин чогултуп айттым эле. Отуз жылда ушул жерден

Ишкер Media