“Бишкек шаардык транспорт” МИ автобустарга 13,5 млн сомго айнек сатып алат

“Бишкек шаардык транспорт” МИ автобустарга 13,5 млн сомго айнек сатып алат

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы ZhongTong жана Isuzu Citiport автобустарына айнек сатып алууга 13,5 млн сомдук тендер жарыялады.

Сатып алуулар порталындагы маалыматка таянсак, сунуштар 15-сентябрга чейин кабыл алынат. Жеңүүчү компания келишим түзүлгөндөн кийин айнектерди 40 календардык күндүн ичинде жеткириши керектелет.

Сатып алуунун негизги бөлүгү ZhongTong автобустары үчүн каралган. Ага алдыңкы жана арткы маңдайкы айнектер, жүргүнчүлөрдүн эшиктери, айдоочунун терезелери жана оң-сол капталдагы жылма айнектер кирет.

Мындан тышкары, Isuzu Citiport автобустары үчүн 25 алдыңкы маңдайкы айнек сатып алынат.

Талапка ылайык, тендерге катышкан компаниялардын салык жана Социалдык фонд боюнча карызы болбошу керек. Ошондой эле алардан кеминде эки окшош келишимди аткарган тажрыйбасын ырастоо талап кылынат.

Алдын ала төлөм каралган эмес. Товардын 100% баасы ал кабыл алынгандан кийин төлөнөт. Жеткирүү мөөнөтү кечиктирилсе, ар бир күн үчүн 0,1% айып пул салынат, бирок анын жалпы көлөмү келишимдин суммасынын 5 пайызынан ашпайт.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда 29 айыл таза суу менен камсыздалды

Ала-Бука районунда 29 айыл таза суу менен камсыздалды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Маалымдалгандай, Ала-Бука районунда аталган жылдары 29 айыл таза ичүүчү суу менен камсыздалып, 66 чакырымдан ашык жол асфальтталды. Ошондой эле

Ишкер Media
Улуттук банк насыяларды мөөнөтүнөн мурда төлөө жана күрөөнү текшерүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Улуттук банк насыяларды мөөнөтүнөн мурда төлөө жана күрөөнү текшерүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы насыяларды аралыктан тейлөө каналдары аркылуу мөөнөтүнөн мурда төлөө жол-жоболорун өркүндөтүүнү жана күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлктү видео аркылуу текшерүү мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банктын коомдук талкууга чыгарган токтом долбоорунда камтылган. Документке ылайык, насыя алуучуларга банкка барбастан, аралыктан тейлөө каналдары аркылуу насыясын мөөнөтүнөн мурда төлөө мүмкүнчүлүгүн

Ишкер Media
Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Россиянын бизнес коомчулугуна тааныштырылды

Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Россиянын бизнес коомчулугуна тааныштырылды

Соода-өнөр жай палатасынын Россия Федерациясындагы расмий өкүлү Кубанычбек Осмонбеков инвестициялык коомчулуктун өкүлдөрүнө Кыргызстандын инвестициялык потенциалын тааныштырды. Мекеменин маалыматына ылайык, анда өлкөнүн инвестиция тартуудагы артыкчылыктуу багыттары, Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү баяндалды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын банк секторуна, эл аралык эсептешүүлөргө, ошондой эле

Ишкер Media
"Ош базары" 2027-жылы көчүрүлөт

"Ош базары" 2027-жылы көчүрүлөт

"Ош базары" 2027-жылдын март-апрель айларында көчүрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы эл менен болгон жолугушуулардын биринде айтты. Анда өлкө башчы базарды мамлекет өзү куруп жатканын билдирди. "2021-жылы эле Бишкектеги жана Кара-Суу базарларынын ээлерин чогултуп айттым эле. Отуз жылда ушул жерден

Ишкер Media