Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү үчүн 519,9 млн сомдук сатып алуу жарыяланды

Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү үчүн 519,9 млн сомдук сатып алуу жарыяланды

“Строй-Стоун”  ЖЧКсы Агулак кенинен Балыкчыга, андан ары Бишкек ЖЭБине 150 миң тонна көмүр ташуу кызматын сатып алууга тендер жарыялады. Кызматтын болжолдуу баасы кыйыр салыктарды кошкондо 519,9 млн сомду түзөт.

Техникалык тапшырмага ылайык, көмүрдү ташуу 2026-жылдын октябрынан 2027-жылдын мартына чейин жүргүзүлөт. Ай сайын 25 миң тоннадан жеткирилет.

Кызматтын наркы бир нече бөлүктөн турат. Агулак кенинен Балыкчыга чейинки 478,4 чакырым аралыкка көмүр ташуунун тарифи тонна-километрине - 4,20 сом деп белгиленген. Бул бөлүктүн жалпы баасы салыктарды эсепке албаганда 301,4 млн сом болот. Мындан тышкары, Рыбачье станциясынан Аламедин станциясына чейин 150 миң тонна көмүрдү темир жол аркылуу ташууга - 128,3 млн сом, ал эми Балыкчы станциясындагы жүктөө-түшүрүү иштерине - 48 млн сом каралган. КНС жана башка салыктар кошулгандан кийин келишимдин жалпы суммасы - 519,9 млн сомго жетет.

Тендерге катышкан компанияларга бир катар талаптар коюлган. Алар:

  • жүк көтөрүмдүүлүгү кеминде 28 тонна болгон 25тен кем эмес жүк ташуучу унаасы болушу же аларды ижарага алуу мүмкүнчүлүгү;
  • 2024–2025-жылдары жалпы суммасы кеминде 519 млн сом болгон кеминде эки окшош келишимди толук аткарган тажрыйбасы;
  • кеминде 10 млн сом жүгүртүү каражаты;
  • жетекчи жана негизги кызматкерлердин ушул сыяктуу кызматтарды көрсөтүүдө кеминде үч жылдык тажрыйбасы;
  • салык органдарына жана Социалдык фондго карызынын жоктугу.

Арыздар 2026-жылдын 15-сентябрына чейин кабыл алынат. Тендердик өтүнмөнүн кепилдик камсыздоосу келишимдин суммасынын 2 %, ал эми жеңүүчү келишимди аткарууну камсыз кылуу үчүн анын суммасынын 5 % берүүгө тийиш.

Келишимде аванс каралган эмес. Төлөм кызмат көрсөтүлүп, кабыл алынгандан кийин, каржылоого жараша жүргүзүлөт. Көмүрдү белгиленген графиктен кечиктирип ташыган учурда, жеткирилбей калган көлөмдүн наркынан ар бир кечиктирилген күн үчүн 0,05% өлчөмүндө туум эсептелет. Бирок анын жалпы көлөмү келишимдин суммасынын 5 пайызынан ашпоого тийиш.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media