Эмгек мигранттары үчүн ыктыярдуу пенсиялык камсыздандыруу кызматы санариптештирилди

Эмгек мигранттары үчүн ыктыярдуу пенсиялык камсыздандыруу кызматы санариптештирилди

Мамлекеттик салык кызматы эмгек мигранттары үчүн ыктыярдуу мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу боюнча санариптик кызматтарды ишке киргизгенин билдирди. Эми чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандары мамлекеттик органдарга барбастан, электрондук камсыздандыруу полисин аралыктан тариздей алышат.

МСКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кызматты пайдалануу үчүн жаран “Түндүк” мобилдик тиркемесине катталышы шарт. Андан кийин салык төлөөчүнүн жеке кабинетине “Түндүк” платформасынын Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу кирүүгө болот.

Жеке кабинетте эмгек мигранттары үчүн ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 10%, 8% жана 2% өлчөмүндөгү үч тарифи сунушталат. Колдонуучу ылайыктуу тарифти тандап, электрондук полисти тариздеп, төлөмдү Visa, Mastercard же “Элкарт” карталары аркылуу онлайн жүргүзө алат. Зарыл болгон маалыматтар КРнын Социалдык фондунун маалыматтык системалары менен интеграциялоо аркылуу автоматтык түрдө текшерилет.

Кызмат Мамлекеттик салык кызматы, Социалдык фонд, “Кызмат” мамлекеттик мекемеси жана “Түндүк” ААКнын “Өкмөттүк акселераторлор” аттуу 100 күндүк программанын алкагындагы биргелешкен ишинин жыйынтыгында ишке киргизилди.

Жаңы кызмат эмгек мигранттарына чет өлкөдө жүргөнүнө карабастан, ыктыярдуу мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты. ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-

Ишкер Media
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media