Кыргызстан менен JICA чакан жана орто бизнести каржылоону талкуулады

Кыргызстан менен JICA чакан жана орто бизнести каржылоону талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова JICAнын Борбордук Азия жана Кавказ бөлүмүнүн директору Коно Кэничи менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, тараптар чакан жана орто бизнести каржылоону кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. 2025-жылы чакан жана орто бизнес - Кыргызстандын ички дүң продукциясындагы 51,4% үлүшүн түзгөн.

Айрыкча - соода, курулуш, мейманкана-ресторан жана башка кызмат көрсөтүү тармактарында чакан жана орто бизнестин ролу өзгөчө жогору.

Жолугушууда  чакан жана орто бизнести узак мөөнөттүү каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле ишканалардын туруктуулугун, өндүрүмдүүлүгүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча жаңы инструменттерди иштеп чыгуу макулдашылды.

Кыргыз тарап ишкерлерди колдоонун учурдагы механизмдерин, анын ичинде жеңилдетилген насыяларды жана “Кепилдик фонддун” кепилдиктерин тааныштырып, JICA менен бул багыттагы кызматташтыкты андан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media