Кыргызстанда өндүрүлгөн төө буурчакты Пакистанга экспорттоо макулдашылды

Кыргызстанда өндүрүлгөн төө буурчакты Пакистанга экспорттоо макулдашылды

МинКаб Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Пакистандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси - Алтамаш Вазир Ханды кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкөнүн лидерлери жетишкен макулдашууларды конкреттүү инвестициялык долбоорлорго жана реалдуу экономикалык натыйжаларга айландыруу зарылдыгын белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы - Кыргызстанда өндүрүлгөн төө буурчакты Пакистан рыногуна экспорттоо болду. Тараптар кыргызстандык өндүрүүчүлөр менен пакистандык импорттоочулардын ортосунда түз ишкердик байланыштарды түзүү, соода көргөзмөлөрүнө өз ара катышуу жана продукцияны жеткирүүнүн конкреттүү көлөмдөрүн аныктоо маселелерин талкуулашты.

Кыргызстандын төө буурчак экспорттоо боюнча жылдык потенциалы 50 миң тоннадан ашат. 2025-жылы анын экспортунун жалпы наркы 67 млн АКШ долларын түзгөн.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Пакистан рыногуна кыргыз айыл чарба продукцияларын чыгарууну кеңейтүү жана жакынкы эки жылда эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн 200 млн АКШ долларына чейин жеткирүү багытында биргелешкен практикалык иштерди күчөтүү боюнча макулдашууга жетишилди

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media