Балыкчы шаарында “826,7 млн сом уурдалган” деген маалымат туура эмес

Балыкчы шаарында “826,7 млн сом уурдалган” деген маалымат туура эмес

Кыргызстандын Эсептөө палатасы Балыкчы шаарынын жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын түшүндүрдү. Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү 2024-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилди камтыган шайкештик аудитин жүргүзгөн.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча 826,7 млн сом көлөмүндө финансылык бузуулар жана шайкешсиздиктер аныкталган. Бирок Эсептөө палатасы бул сумманы “уурдалган” же “коромжуга учураган” акча катары түшүндүрүү туура эмес экенин белгиледи.

Маалыматка ылайык, анын 332,2 млн сому бухгалтердик эсепти жүргүзүүдөгү каталарга, анын ичинде дебитордук жана кредитордук карыздарды эсепке алууга байланыштуу болгон. Анын ичинен 331,8 млн сом же 99,8%ы аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген.

Мындан тышкары, 390,3 млн сом муниципалдык мүлк объекттерин эсепке алуу жана инвентаризациялоо боюнча процедуралык маселелерге байланыштуу болгон. Эсептөө палатасынын маалыматына караганда, бул объекттердин баары ордунда бар, бирок аларды бухгалтердик эсепте талаптагыдай тариздөө зарыл болгон.

Аудиттин жүрүшүндө, аныкталган мыйзам бузуу фактылары, анын ичинде “Мүлк” муниципалдык ишканасы, Дене тарбия жана спорт бөлүмү жана “Автобекет” муниципалдык ишканасына байланыштуу материалдар укуктук баа берүү үчүн Ысык-Көл облусунун прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Эсептөө палатасы аудиттин материалдарын социалдык тармактарда “826,7 млн сом уурдалган” деген мааниде таратуу туура эмес экенин билдирип, коомчулукту расмий документтердеги маалыматтарга таянууга чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media