2026-жылдын 8 айында Социалдык фонд 35 906 пенсиялык ишти карады

2026-жылдын 8 айында Социалдык фонд 35 906 пенсиялык ишти карады

Кыргызстандын Социалдык фонду 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 35 906 пенсиялык ишти карады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кароого пенсиялык иштердин алкагында жарандардын пенсия дайындоо жана буга чейин дайындалган пенсияларды кайра эсептөө боюнча кайрылуулар алынган.

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, 2026-жылдын август айында 2 119 жаранга пенсия жаңыдан чегерилди. Мындан тышкары, 836 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди. Пенсияларды кайра эсептөөдө жарандардын эмгек стажы, эмгек акысы, окуган мезгили жана майыптыгы боюнча кошумча берилген документтер эске алынган.

Башкача айтканда, пенсиянын өлчөмүн кайра кароо үчүн негиз болуп, пенсия алуучунун пенсия дайындалгандан кийинки эмгек стажы же буга чейин эске алынбаган тиешелүү документтери эсептелиши мүмкүн.

Социалдык фонд жарандарды пенсия маселелери боюнча маалымат алуу үчүн 1202 кыска номерине кайрылууну сунуштап, пенсия дайындоо, кайра эсептөө жана тиешелүү документтер боюнча маалыматты тактоого болоорун билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media