Кыргызстандын экономикасы акыркы төрт жылда орточо 10,2% өстү

Кыргызстандын экономикасы акыркы төрт жылда орточо 10,2% өстү

Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи акыркы төрт жылда орточо 10,2%ды түздү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чаранын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылдын январь-июль айларында ички дүң продукциянын реалдуу өсүү темпи 11,1%га жеткен. Президент бул көрсөткүч Борбор Азияда гана эмес, дүйнөдө да жогорку экономикалык өсүш темптеринин бири экенин белгиледи.

Өлкөнүн экономикалык туруктуулугу эл аралык рейтингдерде да чагылдырылып, 2025-жылы Кыргызстандын кредиттик рейтинги «В+» деңгээлине чейин жогорулаган.

"Алтын-валюта резервдери өсүүдө. Өлкөнүн консолидацияланган бюджети чыңдалып, өткөн жылы анын көлөмү 1,1 триллион сомдон ашты. Чакан жана орто бизнес ишенимдүү түрдө өнүгүп, экономикабыздын түзүмүндө жылдан жылга чоң үлүштү ээлеп, жаңы жумуш орундарын жана салыктык кирешелерди түзүүдө. Кыргызстандын экономикасы жылдан жылга өз алдынча өнүгүү жолуна түшүп, сырткы факторлорго көз карандылыгы азайып, ички резервдердин эсебинен туруктуу өсүүгө багыт алдык." -деп билдирди Садыр Жапаров.

Президенттин айтымында чакан жана орто бизнестин экономикадагы үлүшү өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул тармак жаңы жумуш орундарын түзүп, бюджетке салыктык кирешелердин түшүшүн камсыз кылууда.

Ири инфраструктуралык долбоорлор

Мамлекет башчысы өлкөдө ири инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлор ишке ашырылып жатканын да белгилеп өттү. Алардын катарында «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу, «Балыкчы – Кочкор» темир жолу жана «Барскоон – Бедел» автомобиль жолу бар. Президент «Балыкчы – Кочкор» темир жолунун курулушу аяктап, пайдаланууга берилгенин билдирди.

"Жакында эле өлкөбүз дүйнөлүк суу-мотор спортунун борборуна айланды. Кыргызстан тарыхта биринчи жолу суудагы Формула-1 боюнча дүйнө чемпионатын кабыл алып, эң абройлуу жана технологиялык мелдештердин бирин өткөрдү. Бул окуя ата мекендик спорт үчүн гана эмес, өлкөбүздүн эл аралык аброю үчүн да тарыхтын жаңы барагын ачты." - деп белгиледи президент.

Энергетика тармагы тууралуу билдирип жатып, Садыр Жапаров "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу бүтүп, станция ишке кирсе, Кыргызстан ички электр энергиясына болгон тартыштыгын азайтып, келечекте электр энергиясын экспорттоочу өлкөгө айлана аларын белгиледи.

Мындан тышкары, «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы ишке киргендиги айтылды. Президенттин белгилешинче, ал келечекте эл аралык капиталды, заманбап финансылык технологияларды жана инвестициялык долбоорлорду бириктирген ири финансылык борборго айланууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media