Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты.

Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган. Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына болжол менен 40 миң тонна төө буурчакты кайра иштетүүгө жетет. Ишканада 100 жаңы жумуш орду түзүлгөн.

Ишкана заманбап технологиялык жабдуулар менен камсыздалып, өндүрүлгөн продукциянын сапаты жана коопсуздугу өзүнүн лабораториясында көзөмөлдөнөт.

Ачылыш аземинин алдында президент заводдун инфраструктурасы жана даяр продукция менен таанышып, технологиялык жабдууларды ишке киргизди. Садыр Жапаров Талас өрөөнүнүн айыл чарбасын, анын ичинде дан буурчак өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн жагымдуу шарттары бар экенин белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, буга чейин таластык дыйкандардын төө буурчагы негизинен сырьё катары сыртка сатылып келген. Эми аны өлкө ичинде кайра иштетип, кошумча наркы жогору даяр продукцияга айландыруу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө.

Өлкөдө дагы 60 өнөр жай объектиси ишке киргизилди

Таластагы заводдун ачылышы менен катар Кыргызстан боюнча 60 өнөр жай объектисин бир убакта онлайн форматта ишке киргизүү аземи өттү.

Алардын арасында курулуш материалдарын өндүрүү, логистика, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, энергетика жана башка багыттардагы ишканалар бар.

Президенттин маалыматына караганда, жыл соңуна чейин дагы 50гө жакын өнөр жай объектисин ишке киргизүү пландалууда.

Мамлекет башчысы жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы ата мекендик продукциянын көлөмүн көбөйтүп, кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталганын айтты.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media