“Бала ырысы” боюнча айрым эсептер тактоону талап кылууда

“Бала ырысы” боюнча айрым эсептер тактоону талап кылууда

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Бала ырысы” мамлекеттик программасынын алкагында төлөмдөрдү жүргүзүүнү улантууда. 10-сентябрга карата министрлик тарабынан 232 229 алуучуга жалпы 285 588 480 сом которулуп берилген.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлагандай, тийиштүү каражаттар бекитилген тизмелерге ылайык толук көлөмдө которулууда. Каражаттар банктарга түшкөндөн кийин, алар алуучулардын эсептерине чегерилет.

Бирок, айрым учурларда каражаттар алуучунун эсебинде чагылдырылбай калышы мүмкүн болгон себептерди аныктоо боюнча жекече тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, кошумча текшерүүнү талап кылган учурлар бар. Алар:

  • АБанкта — 334 эсеп;
  • Элдик Банкта — 900 эсеп.

Белгилей кетсек, бул учурлар министрлик тарабынан каражаттар которулбай калганын билдирбейт. Учурда ар бир конкреттүү учур боюнча себептерди аныктоо максатында банктар менен биргеликте маалыматтарды жекече салыштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Себептер ар кандай жагдайларга байланыштуу болушу мүмкүн. Анын ичинде банк картасынын колдонуу мөөнөтүнүн аякташы, жеке маалыматтарды жаңыртуу зарылдыгы, банк эсебинин абалына байланыштуу өзгөчөлүктөр, ошондой эле эсептен автоматтык түрдө каражаттардын эсептен чыгарылышы же башка операциялардын жүргүзүлүшү мүмкүн. Айрым учурларда алуучу каражаттын түшкөнүн же андан кийинки эсеп боюнча акча каражаттарынын кыймылын дароо байкабай калышы мүмкүн.

Министрлик алуучулардын банк эсептеринин абалын, банктык жана жеке маалыматтарынын актуалдуулугун, анын ичинде картанын колдонуу мөөнөтүн өз алдынча көзөмөлдөп туруу зарылдыгына билдирүүдө. Бул каражаттарды алууга тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон техникалык же банктык себептерди өз убагында аныктоого жана жоюуга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңештин депутаттары 2-6-ноябрь күндөрү аймактарда иштешет

Жогорку Кеңештин депутаттары 2-6-ноябрь күндөрү аймактарда иштешет

28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө» токтом долбоору каралып, кабыл алынды. Ага ылайык, эл өкүлдөрү 2-6-ноябрь күндөрү аймактарда шайлоочулар менен иштешет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт. Буга чейин өлкө башчы, Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун бардык район

Ишкер Media
Нарында  146,7 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Нарында 146,7 чакырым жолго асфальт төшөлдү

2026-жылдын багынан бери Нарын облусунда 146,7 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Ал эми былтыр бул көрсөткүч 96,2 чакырымды түзгөн. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин катышуусунда аталган аймактагы жол тармагында аткарылган иштер каралган жыйында айтылды. Маалыматка ылайык, быйыл титулдук тизменин негизинде бир катар жолдор асфальтталды. Мындан

Ишкер Media
Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 72 чакырымы асфальтталды

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 72 чакырымы асфальтталды

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу автожолун куруу жана жаңылоо иштери уланууда. Жалпы узундугу 138 чакырымды түзгөн жолдун 72 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, учурда жолдун 54,4 чакырымында курулуш иштери жүрүүдө. Анын 24,5 чакырымында жер иштери толук аяктап, асфальт төшөө башталган. Бүгүнкү күнгө карата 6

Ишкер Media
7-8-ноябрдагы майрам күндөр - дем алышка туш келди: кызматкерлер кандай иштейт?

7-8-ноябрдагы майрам күндөр - дем алышка туш келди: кызматкерлер кандай иштейт?

Кыргызстанда 7–8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү. Бул күндөр мамлекеттик майрам болгону менен, мыйзам боюнча жумуш күндөрү болуп эсептелет. Бул тууралуу Социалдык-эмгек мамилелерин изилдөө борборунан (ЦИСТО) билдиришти. Борбордун түшүндүрмөсүнө ылайык, жумасына беш күн иштеген кызматкерлер үчүн 7–8-ноябрь кадимки дем алыш күндөрү болот. Ал эми

Ишкер Media