Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата, өлкөдө 60 жаңы өнөр жай, ишканалардын иши старт алды
Ишке ашырылган долбоорлорго тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 533,2 млн АКШ долларына жакын сумманы түздү. Жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүүнүн натыйжасында 4 022ге жакын жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, жаңы өнөр жай объекттери экономиканын кеңири тармактарын, анын ичинде курулуш материалдарын өндүрүү, электр энергетикасы, металлургия, тамак-аш жана жеңил өнөр жай, тоо-кен тармагы, ошондой эле соода-логистикалык инфраструктураны камтыйт.
Аймактардын өнөр жайын өнүктүрүү мамлекеттик экономикалык саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү жер-жерлерде экономикалык өсүш борборлорун калыптандырууга, ишкердик жана инвестициялык активдүүлүктү өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактардын өндүрүштүк потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Аймактар боюнча алганда, пайдаланууга берилген объекттердин эң көбү Чүй облусунда – 26, Ош облусунда – 9, Талас жана Жалал-Абад облустарында – 5тен, Баткен жана Нарын облустарында – 4төн, Бишкек шаарында – 3, Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунда – 2ден объектти түзөт. Маанилүү долбоорлордун катарында:
- Бишкек шаарындагы “Биринчи индустриалдык кампа комплекси” ЖЧКсы (“Полибетон” ААК) – долбоордун алкагында 200 жумуш орду түзүлгөн өндүрүштүк объект. Долбоордук кубаттуулугу жылына 1 078,8 тонна продукцияны түзөт.
- Баткен облусундагы “НПЦ Тянь-Шань” ЖЧКсы – гидроэлектр станцияларын, тоннелдерди, темир жана автомобиль жолдорун курууда, ошондой эле кен чыккан жерлерди иштетүүдө жардыруу иштерин жүргүзүү үчүн продукция өндүрүүгө адистешкен өнөр жай ишканасы. Инвестициялардын көлөмү 279,2 млн сомду түзүп, 70 жумуш орду түзүлгөн.
- Талас облусундагы “Нур КапСтрой”ЖЧКсынын асфальт-бетон заводу – инвестициялардын көлөмү 176 млн сомду түзүп, 35 жумуш орду түзүлгөн. Ишкананын долбоордук кубаттуулугу суткасына 250 тонна асфальт-бетон аралашмасын түзөт.
- сык-Көл облусундагы “Бишкек Солар” ЖЧКсы – электр энергиясын өндүрүү чөйрөсүндөгү ири энергетикалык долбоор. Инвестициялардын көлөмү 270 млн АКШ долларын түзөт. Жалпы долбоордук кубаттуулугу – 300 МВт, анын ичинен биринчи фазасы – 100 МВт, электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү – жылына 590 ГВт·саатка чейин. 20 жумуш орду түзүлгөн.
- Ош облусундагы “Араван Достук Курулуш” ЖЧКсы – долбоордук кубаттуулугу жылына 50 млн даана кирпичти түзгөн кирпич заводу. Инвестициялардын көлөмү 700 млн сомду түзүп, 100 жумуш орду түзүлгөн.
- Ош облусундагы “Чыгыш курулуш материалдары” ЖЧКсы – кирпич өндүрүүчү ишкана. Долбоорго 962,9 млн сом инвестиция салынып, 140 жумуш орду түзүлгөн. Долбоордук кубаттуулугу жылына 20–30 млн даана кирпичти түзөт.
- Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы “ГРК Солар Энерджи” ЖЧКсы – күн энергетикасы тармагындагы долбоор. Инвестициялардын көлөмү 1,749 млрд сомдутүзүп, 30 жумуш орду түзүлгөн. Объекттин кубаттуулугу – 300 МВт, электр энергиясын өндүрүүнүн болжолдуу көлөмү – жылына 590 ГВт·саатка чейин.
- Нарын облусундагы “Солтон-Сары”кенинин “Алтын-Төр” участогу – тоо-кен тармагындагы инвестициялык долбоор. Инвестициялардын көлөмү 525 млн сомду түзүп, 250 жумуш орду түзүлгөн. Долбоордук кубаттуулугу жылына 300 миң тоннага чейин кенди кайра иштетүүнү карайт.
- Чүй облусунун Новопокровка айылындагы “ГЛАСС ЦЕНТР” ЖЧКсы – терезелер, эшиктер жана фасаддар үчүн айнек пакеттерди жана алюминий конструкцияларын өндүрүүчүишкана. Долбоорго 482,5 млн сом инвестиция салынып, 300гө чейин жумуш ордун түзүү каралган. Өндүрүштүк кубаттуулугу айына 12 миң чарчы метрди, же жылына 144 миң чарчы метрден ашык продукцияны түзөт.
- Чүй облусунун Киршелк айылындагы “Стилекс” ЖЧКсы – алюминий профилдерин өндүрүү жана алюминий калдыктарын кайра иштетүүчү ишкана. Долбоор резервдик тизмеден киргизилген. Инвестициялардын көлөмү 1,925 млрд сомду түзүп, 300–400 жумуш ордун түзүү пландаштырылууда.
- Чүй облусундагы “Манас Моторс” авто-логистикалык борбору – транспорттук-логистикалык инфраструктураны жана соода байланыштарын өнүктүрүүгө багытталган Евразиялык соода-логистикалык комплекс. Инвестициялардын көлөмү 4,9875 млрд сомду түзөт. Биринчи этапта 200, экинчи этапта 400–500гө чейин жумуш ордун түзүү каралган.


60 өнөр жай объектисинин ачылышы КРда заманбап өнөр жай базасын калыптандыруудагы кезектеги маанилүү кадам болуп саналат. Мындай долбоорлорду ишке ашыруу өлкө ичинде өндүрүштүк чынжырларды өнүктүрүүгө, калктын иш менен камсыз болушун жогорулатууга жана аймактардын экономикалык потенциалын чыңдоого өбөлгө түзөт.