Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экологиялык таза жылытуу системаларын орнотууга мамлекеттик жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Жеке менчик үйлөрдун ээлери заманбап жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алуу жана орнотуу үчүн жылдык 6% менен беш жылга чейинки мөөнөткө 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат.

Финансы министрлигинин маалыматына караганда, каржылоо “АБанк”, “Элдик Банк” жана “Бакай Банк” өнөктөш банктары аркылуу жүргүзүлүүдө. Долбоор жеке сектордо көмүр жагуудан чыккан зыяндуу заттарды азайтып, смогго каршы күрөшүүгө багытталган.

Жеңилдетилген насыянын алкагында үй ээлери жылуулук насостору сыяктуу заманбап жылытуу жабдууларын орното алышат. 24-августта Маевка айылында мамлекеттик программанын шарттарын түшүндүрүүгө арналган маалыматтык жолугушуу өттү. Ага Бишкектин Биринчи май районундагы 15тен ашык конуштун тургундары катышты. Алардын арасында «Ак-Босого», «Калыс-Ордо», «Көлмө», «Мурас-Ордо», «Тынчтык», «Аска-Таш» жана башка аймактардын жашоочулары болду.

Жолугушууда Кыргызстандын Финансы министрлигине караштуу Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн өкүлдөрү жеңилдетилген насыянын шарттары жана карыз алуучуларга коюлган талаптар тууралуу маалымат беришти. Жабдууларды жеткирүүчү компаниянын өкүлү жылуулук насосторунун иштөө принциптерин көрсөтүп, алардын көмүр менен жылытууга салыштырмалуу артыкчылыктарын түшүндүрдү.


Долбоордун негизги максаты — жеке секторду заманбап “жашыл” жылытуу технологияларына өткөрүү, көмүр керектөөсүн жана абага чыккан зыяндуу заттарды азайтуу.

Мындан тышкары окуңуз

7-8-ноябрдагы майрам күндөр - дем алышка туш келди: кызматкерлер кандай иштейт?

7-8-ноябрдагы майрам күндөр - дем алышка туш келди: кызматкерлер кандай иштейт?

Кыргызстанда 7–8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү. Бул күндөр мамлекеттик майрам болгону менен, мыйзам боюнча жумуш күндөрү болуп эсептелет. Бул тууралуу Социалдык-эмгек мамилелерин изилдөө борборунан (ЦИСТО) билдиришти. Борбордун түшүндүрмөсүнө ылайык, жумасына беш күн иштеген кызматкерлер үчүн 7–8-ноябрь кадимки дем алыш күндөрү болот. Ал эми

Ишкер Media
Өлкөдө пенсия курагындагы мугалимдердин саны айтылды

Өлкөдө пенсия курагындагы мугалимдердин саны айтылды

Пенсия курагындагы мугалимдер өлкөдөгү жалпы педагогикалык жамааттын 15,5 пайызын түзөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен "Ишкер медиага" билдиришти. Министрликтин маалыматы боюнча мугалимдердин жетишсиздиги Бишкек жана Чүй облустары. "Өлкөдө негизинен 588 мугалим жетишпейт. Алар тарых, орус тили математика, информатика физика предметтерин берген мугалимдер. Ал эми өлкө боюнча жалпы

Ишкер Media
Бишкекте корей маданиятынын жана улуттук ашканасынын фестивалы өтөт

Бишкекте корей маданиятынын жана улуттук ашканасынын фестивалы өтөт

7-ноябрда саат Курманжан датканын эстелигинин жанындагы сейилдөө аллеясында “Кимчи” аталышындагы фестиваль өтөт. Иш-чараны Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурууда. Шаардык мэриянын маалыматына караганда, фестивалдын максаты — борбор калаанын тургундарын жана конокторун Кореянын каада-салттары, маданияты жана улуттук ашканасы менен тааныштыруу болуп саналат. Ошондой эле

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн 60 килограмм таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 60 килограмм таштанды чыгарылды

27-28-октябрь күндөрү Ысык-Көлдүн акваториясынан 4600 метр эски синтетикалык тор жана 60 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тазалоо иштери Түп районунун Кудургу, Кичи-Өрүктү жана Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү, Григорьевка айылдарынын акваториясында жүргүзүлдү. Жалпысынан 2026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдөн 56

Ишкер Media