“Борбордук Азия – Корея Республикасы” форматындагы өнөр жай министрлеринин жыйыны болду

“Борбордук Азия – Корея Республикасы” форматындагы өнөр жай министрлеринин жыйыны болду

КРнын экономика жана коммерция министри Б.Т. Сыдыков “Борбордук Азия – Корея Республикасы” (C5+1) форматындагы өнөр жай министрлеринин 1-жыйынына катышууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, бул кызматташтык механизмин ишке киргизүү C5+1 форматындагы экономикалык өз ара аракеттенүүгө жаңы практикалык мазмун берүүгө багытталган маанилүү аянтчаны түздү.

Министр Б.Т. Сыдыков тараптарга - Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасында белгиленген өлкөнүн олуттуу өнөр жай, инвестициялык жана инфраструктуралык потенциалы, ошондой эле өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди.

Тараптар төмөнкү багыттар боюнча өнөр жай жана инвестициялык кызматташтыкты илгерилетүүнүн практикалык механизмдерин жана мындан аркы чараларын талкуулашты:

-        өнөр жай кооперациясы жана өндүрүштү локалдаштыруу;
-        минералдык чийки затты терең кайра иштетүү;
-        өнөр жай инфраструктурасы жана индустриалдык парктар;
-        транспорт, логистика жана жаңы өндүрүштүк чынжырчалар.

Бул багыттар боюнча өз ара аракеттенүү Борбордук Азия өлкөлөрүнө жана Корея Республикасына зарыл инфраструктурасы бар аянтчаны гана түзбөстөн, заманбап технологияларды, өндүрүштү, кадрларды даярдоону жана даяр продукцияны аймактык рынокторго чыгарууну бириктирген толук кандуу өндүрүштүк экосистеманы калыптандырууга мүмкүндүк берет.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча өнөр жай жана жеткирүү чынжырлары жаатында кызматташуу жөнүндө Корея Республикасы менен Борбордук Азиянын беш мамлекетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өнөр жай министрлери кол коюшту.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media