"Кыргызалтын" жана "AzerGold" биргелешкен долбоорлорду талкуулашты

"Кыргызалтын" жана "AzerGold"  биргелешкен долбоорлорду талкуулашты

"Кыргызалтын" ААК менен Азербайжандын "AzerGold" ЖАК компаниясы тоо-кен тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Кыргызалтындын" башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов "AzerGold" ЖАКнын башкармалыгынын төрагасы Закир Ибрагимов менен жолугушту. Тараптар 31-июлда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган кызматташтык жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумдан келип чыккан маселелерди карашты.

Жолугушууда тоо-кен тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, инвестиция тартуу, пайдалуу кендерди геологиялык чалгындоо, казып алуу жана кайра иштетүү боюнча тажрыйба алмашуу маселелерине көңүл бурулду.

Кубат Абдраимовдун айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган реформалар жүргүзүлүүдө. Ал "Кыргызалтындын" түзүмүн өркүндөтүү, туунду ишканалардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жаңы долбоорлор боюнча маалымат берди.
Өз кезегинде Закир Ибрагимов "AzerGold" компаниясынын геологиялык чалгындоо, кендерди баалоо, казып алуу жана кайра иштетүү боюнча тажрыйбасы менен тааныштырды. Ошондой эле Азербайжанда, анын ичинде Карабах жана Чыгыш Зангезур экономикалык райондорунда колдонулуп жаткан заманбап геологиялык чалгындоо ыкмалары тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташтыкты улантып, конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип кароого макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media