Кыргызстандын ИДПсы 8 айда 11 пайызга өстү

Кыргызстандын ИДПсы 8 айда 11 пайызга өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-август айларында ички дүң продукттун көлөмү алдын ала баалоо боюнча 1 триллион 396,8 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 %га өстү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, отчеттук мезгилде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 600,8 млрд сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 108,8 % болду.

Өнөр жайдагы өсүш негизги металлдарды, тамак-аш азыктарын жана тамеки продукцияларын, фармацевтикалык жана химиялык продукцияларды, курулуш материалдарын, транспорт каражаттарын, тазаланган мунай продукцияларын өндүрүүнүн, ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун көбөйүшү менен камсыздалды. Айрым тармактарда өсүш кыйла жогору болуп, химиялык продукцияларды өндүрүү 2,3 эсеге, тазаланган мунай продукцияларын өндүрүү 1,8 эсеге өстү.

Ошондой эле курулуштун көлөмү 1,6 эсеге, айыл чарбасы 6,4 %га, дүң жана чекене соода 4,4 %га көбөйдү.

2026-жылдын январь-август айларында керектөө баалары жана тарифтер өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 7,6 %га өстү. Анын ичинде тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 6,4 %га, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары 7,7 %га, азык-түлүк эмес товарлар 6,1 %га, калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 11,4 %га кымбаттады. Баалардын өсүшү өлкөнүн бардык аймактарында катталып, эң жогорку көрсөткүч Ош облусунда - 17,3 % болду.

Мындан тышкары, 2026-жылдын январь-июль айларында өлкөнүн товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 10 млрд долларды түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,7 %га көбөйдү.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соода жүгүртүү 3,7 млрд долларды түзүп, 5,4 %га өстү. Анын ичинде экспорттук жөнөтүүлөр 2 %га төмөндөсө, импорт 7,2 %га көбөйгөн. ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодада Орусиянын үлүшү 65,1 %ды, Казакстандын үлүшү 32,4 %ды түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media