А.Касымалиев: саламаттыкты сактоого 2026-жылы 69,9 млрд сом бөлүндү

А.Касымалиев: саламаттыкты сактоого 2026-жылы 69,9 млрд сом бөлүндү

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын заманбап фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушун баштоого мезгил кутусун салуу аземине катышты.

 Анда сөз сүйлөп жатып, Адылбек Касымалиев өлкөнүн дары-дармек коопсуздугун бекемдей турган жаңы мамлекеттик системанын пайдубалы түптөлүп жатканын билдирди.

“Дарыны сатып алуу – иштин жарымы гана. Аны туура сактоо, өз убагында жеткирүү жана өлкөнүн кайсы жеринде болбосун бейтапка жеткиликтүү кылуу – бүтүндөй система. Биз дал ушундай системаны түзүп жатабыз. Баарыңыздарды Министрлер Кабинетинин атынан жаңы комплекстин курулушунун башталышы менен куттуктайм. Өлкөбүздө мындай деңгээлдеги мамлекеттик фармацевтикалык логистикалык комплекс биринчи жолу курулуп жатат. Эл аралык талаптарга жооп берген өз логистикалык базабыз болсо, ири дары өндүрүүчүлөр менен түз жана узак мөөнөттүү иштөөгө мүмкүнчүлүк ачылат. Биздин багыт так: ортомчуларды азайтуу, мүмкүн болушунча өндүрүүчүгө түз чыгуу”, – деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.

МинКаб жетекчисинин билдирүүсүнө караганда, 2021-жылы саламаттыкты сактоого 26 млрд сом бөлүнсө, 2026-жылы бул көрсөткүч 69,9 млрд сомго жетти. Мунун ичинде дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды каржылоого 2021-жылы 100 млн сом бөлүнсө, 2026-жылга 6,8 млрд сом каралган.

Белгилей кетсек, эл аралык деңгээлдеги GDP (Good Distribution Practice) талаптарына жооп берген заманбап фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексин куруу долбоорун ишке ашырууга Мамлекет башчысынын колдоосу менен Турукташтыруу фондунан 650 млн сом бөлүнгөн. Комплекс эл аралык дистрибьютордук практиканын талаптарына ылайык жалпы 7,1 гектар жерге курулат.

Долбоордун негизги максаты – дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды кабыл алуу учурунан тартып медициналык уюмдарга жеткирүүгө чейинки аралыкта алардын тийиштүү деңгээлде сакталышын, иштетилишин жана бөлүштүрүлүшүн камсыз кылган заманбап мамлекеттик фармацевтикалык инфраструктураны түзүү.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media
Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ишкер Media
DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

2026-жылдын 8-октябрында Өзбекстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө арналган аймактык конференциясы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында DemirBank "First Cross-border RSF Transaction" ("Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор") сыйлыгын алды. Бул сыйлык DemirBankтын Өзбекстандын Ташкент шаарындагы

Ишкер Media