“Кепилдик фонд” – “Альфа Ойлго” берилген 25 млн $ кредит боюнча түшүндүрмө берди

“Кепилдик фонд” – “Альфа Ойлго” берилген 25 млн $ кредит боюнча түшүндүрмө берди

Бир катар массалык маалымдоо каражаттарында “Альфа Ойл” ЖЧКсына 25 млн АКШ доллары өлчөмүндө кредит берүүдө күрөөлүк камсыздоо катары “Кепилдик фонд” ААКсынын 250 миң АКШ долларына бааланган мүлкү пайдаланылганы тууралуу маалымат тараган. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитору Алимжан Байгазаковдун сөзүнүн видеожазуусунан көрүнүп тургандай, анын сөзүндө “Кепилдик фонд” ААКсы аталган эмес.

Бул билдирүүнү - Кепилдик фонд  жарыялап, “Альфа Ойл” ЖЧКсы “Кепилдик фонддун” кардары эмес экендигин маалымдады. Ошондой эле Фонд аталган компанияга кепилдик бербегени, анын милдеттенмелери боюнча кепил болбогону жана көрсөтүлгөн кредитти камсыздоого катышпаганын билдирди.

Кепилдик фонд ААКсынын билдирүүсүндө - Фондго тиешелүү мүлк “Альфа Ойлдун” кредиттик милдеттенмелери боюнча күрөө катары берилбегени белгиленген.

Ушуга байланыштуу “Кепилдик фонд” жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты жарыялаган жалпыга маалымдоо каражаттарынан өз материалдарына тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү, ошондой эле бул маселени мындан ары чагылдырууда ушул расмий түшүндүрмөнү эске алууну сунуштады.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Асыл тукум мал үчүн 200дөн ашык фермерге 3%дык насыя берилди

ЕРӨБ баяндамасы: КРнын банк сектору бекемделди, мамлекеттик башкарууда тобокелдиктер бар

Бишкек ЖЭБ бир суткада канча энергия өндүрө алды?

Кызыл-Кыяда 5 400 орундуу стадион реконструкцияланууда

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет