Мектепте иштебегендер - мыйзамсыз айлык алып келгени аныкталды

Мектепте иштебегендер - мыйзамсыз айлык алып келгени аныкталды

Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ак-Сай айылындагы И.Байбеков атындагы орто мектепте иш жүзүндө иштебеген адамдарга мыйзамсыз эмгек акы төлөнүп келгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган мектептин жооптуу кызмат адамдары жумуш убактысын эсепке алуу документтерине жана эмгек акы төлөө тизмелерине жалган маалыматтарды киргизип, иш жүзүндө иштебеген адамдарга эмгек акы чегерип турушкан. Натыйжада мамлекетке 1 млн 700 миң сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

А.Касымалиев: саламаттыкты сактоого 2026-жылы 69,9 млрд сом бөлүндү

А.Касымалиев: саламаттыкты сактоого 2026-жылы 69,9 млрд сом бөлүндү

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын заманбап фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушун баштоого мезгил кутусун салуу аземине катышты.  Анда сөз сүйлөп жатып, Адылбек Касымалиев өлкөнүн дары-дармек коопсуздугун бекемдей турган жаңы мамлекеттик системанын пайдубалы түптөлүп жатканын билдирди. “Дарыны сатып алуу – иштин жарымы гана.

Окуу китептеринин базарларда сатылып жатышынын мыйзамдуулугу текшерилет

Окуу китептеринин базарларда сатылып жатышынын мыйзамдуулугу текшерилет

Мектептерде окуу китептери жетишсиз болуп жаткан учурда, базарларда сатылып жаткандыгы тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин кайрылуусу боюнча бүгүн Агартуу министрлигинде жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, “Окуу китеби” басма үйү” мекемесинин директору Төлөгөн Аматов, “Учкун” ААКтын жетекчиси Бакытбек Султанов жана Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев

Ак-Сууда мамлекеттик кызматкерлерге финансылык сабаттуулук боюнча лекция өтүлдү

Ак-Сууда мамлекеттик кызматкерлерге финансылык сабаттуулук боюнча лекция өтүлдү

Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгы Ак-Суу районунда мамлекеттик мекемелердин жана айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери үчүн финансылык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган көчмө лекция өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Иш-чара 15-сентябрда Улуттук банктын региондордо финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча 2026-жылга бекитилген планынын алкагында уюштурулду. Лекциянын жүрүшүндө катышуучуларга акча каражаттарын

Мамлекеттик мектептер үчүн окуу китептерин сатууга тыюу салынат

Мамлекеттик мектептер үчүн окуу китептерин сатууга тыюу салынат

Агартуу министрлиги мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерин эркин сатууга чыгарууга болбой турганын эскертти. Мыйзам талаптарын бузган адамдарга жана уюмдарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт. Министрликке караштуу "Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемеси тарабынан даярдалган китептер учурда базарларда, дүкөндөрдө жана интернет булактарында сатылып жатканы