Үрүмчүдөгү форумда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Үрүмчүдөгү форумда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов 14–16-сентябрда Кытайдын Үрүмчү шаарында өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмунун Санариптик экономика форуму – 2026га катышууда. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.

Форумга ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдардын, компаниялардын, университеттердин жана аналитикалык борборлордун өкүлдөрүн кошкондо 500гө жакын катышуучу чогулду. Иш-чарада санариптик инфраструктураны жана сооданы өнүктүрүү, жасалма интеллектти колдонуу, өнөр жайды санариптештирүү, маалыматтарды башкаруу жана кадрларды даярдоо маселелери талкууланууда.

Мээримбек Койчуманов ШКУнун санариптик башкаруу жана потенциалды өнүктүрүү боюнча тематикалык форумунда сөз сүйлөп, Кыргызстандын санариптик экономикадагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Ал санариптик инфраструктурага инвестиция тартуу, заманбап технологияларды киргизүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Мындан тышкары, ал "Диалог жана пикир алмашуу аркылуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын биргелешип талкуулоо" сессиясына катышты. Анда Кыргызстандын ШКУ өлкөлөрү менен инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө, потенциалдуу инвесторлор жана технологиялык компаниялар менен түз байланыштарды түзүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media