Экономика министрлигинде 2026-жылдын мыкты ишкерлери сыйланды

Экономика министрлигинде 2026-жылдын мыкты ишкерлери сыйланды

18-сентябрда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Ишкерлер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Министрдин орун басары Беназир Нурланова ишкерлерди куттуктап, алардын экономиканын өнүгүшүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспорттук потенциалды жогорулатууга кошкон салымын белгиледи.

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча чакан жана орто ишкердиктин ИДПдагы үлүшү 51,7%ды, түзүлгөн кошумча нарк 641 млрд сомго жакын болду.

2026-жылдын 6 айында ИДПдагы үлүшү 35,6%ды, дүң кошумча нарк 341,6 млрд сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 25,5%га өстү.

Иш-чарада ишкерлер төмөнкү номинациялар боюнча сыйланды:

-        2026-жылдын жаш ишкери — 3;
-        2026-жылдын ишкер айымы — 10;
-        2026-жылдын жашыл ишкер» — 7;
-        2026-жылдын компаниясы — 7;
-        2026-жылдын ишкери — 8.

Ошондой эле бир катар ишкерлерге министрликтин Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Иш-чарага бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү да катышып, ишкердикти өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды

Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы

Өлкөдө 10 айда курулуш тармагы 61,5 %га өстү

Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды

Финкөзөмөл Мамлекеттик лотерея компаниясын пландан тышкары текшерүүнү баштады