Кыргызстан менен Россия агроөнөр жайындагы кызматташтыкты кеңейтет
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Дмитрий Патрушев менен жолугушту. Жолугушуу Балык өнөр жайы боюнча XI эл аралык форумдун алкагында өттү.
Тараптар Кыргызстан менен Россиянын агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашты. 2025-жылы айыл чарба жана кайра иштетилген продукциялар боюнча эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 652,3 млн долларды түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 88,5 млн долларга өскөн.
Жолугушууда соода жүгүртүүнү көбөйтүү менен катар биргелешкен кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү, логистика жана сактоо инфраструктурасын өнүктүрүү, эл аралык стандарттарга жооп берген таңгактарды колдонуу зарылдыгы белгиленди.
Эрлист Акунбеков балык чарбачылыгы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана кыргызстандык товарларды Россиянын рыногуна чыгарууну кеңейтүү боюнча жаңы биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууну сунуштады.
Тараптар балык чарбачылыгы боюнча долбоорлорду ишке ашырууга багытталган биргелешкен жол карталарын иштеп чыгуу боюнча макулдашты.