2027-жылы жергиликтүү бюджеттердин көлөмү 39,9%га көбөйөт
Кыргызстандын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) Союзунун директору Бектурган Орозбаев КР Финансы министринин биринчи орун басары, министрдин милдетин убактылуу аткаруучу Айдарбек уулу Талас менен жолугушуп, жергиликтүү бюджеттердин негизги көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун талкуулашты.
Жолугушууда 2027-жылга жергиликтүү бюджеттердин долбоору каралып, киреше булактарын көбөйтүү жана аймактардын экономикалык өнүгүүсүн колдоо маселелери көтөрүлдү.
ЖӨБ маалыматына ылайык, 2027-жылы киреше салыгы мурункудай 100 %, жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти) 50%дан 100%га чейин көтөрүлүп жергиликтүү бюджеттерде кала турган болду. Буга чейин көтөрүп келген маселе жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын күтүүгө, анын ичинде кызматкерлердин эмгек акысын төлөө фондуна чыгашаларды каржылоо 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып Агартуу министрлигине өттү.
Айтылган маселелер сөз жүзүндө калбастан, жергиликтүү бюджеттерге байланышкан бардык маселелерди чогуу чечүү боюнча Протоколго кол коюлду.
Тараптар жергиликтүү бюджеттерге байланышкан маселелерди биргелешип чечүү боюнча протоколго кол коюшту.