Кыргызстанда этти ортомчусуз сатуу үчүн 100 соода түйүнү ачылат

Кыргызстанда этти ортомчусуз сатуу үчүн 100 соода түйүнү ачылат

Кыргызстанда этти ортомчусуз түз сатуу үчүн 100 соода түйүнүн ачуу пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, бул чара азык-түлүк рыногунда бааларды турукташтыруу боюнча даярдалган 2026-2027-жылдарга карата пландын долбоорунда каралган.

"Соода түйүндөрү “Кыргыз Агрохолдинг” ААК тарабынан ачылып, этти өндүрүүчүлөрдөн керектөөчүлөргө түз жеткирүү механизми түзүлөт. Эт менен камсыз кылуу жана асыл тукум малдын санын жакшыртуу максатында, кеминде 20 миң баш бодо малды Казакстандан, Белорустан жана Россиядан импорттоо пландалууда" - деп айтылат маалыматта.

Соода түйүндөр - Бишкекте 30, Ош облусунда 15, Жалал-Абад облусунда 14, Чүй облусунда 12 түйүн ачуу каралган, калгандары башка аймактарда ачылышы күтүлөт.

Ошондой эле соода түйүндөрү үчүн жер тилкелерин акысыз берүү жана электр энергиясына кеткен чыгымдарды субсидиялоо маселеси каралууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media