Мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктардын партиясын ташып бара жаткандар аныкталды

Мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктардын партиясын ташып бара жаткандар аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан "Ак-Тилек" өткөрмө пунктунда рейддик салыктык көзөмөл жүргүзүлүп, консолидацияланган жүк ташып бара жаткан Scania үлгүсүндөгү автоунаа текшерүүгө алынган.

Аталган кызматтын маалыматына караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө Skittles, M&M’s, Snickers, Mars жана Twix соода маркаларына таандык 263 куту кондитердик азык аныкталды. Алардын арасында жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен товарлар да бар экени белгилүү болгон.

Продукциянын алдын ала баасы 2 млн 500 миң сомдон ашык экенин Салык кызматынан кабарлашууда.

Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдарга укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Салык кызматы керектөөчүлөрдүн, өзгөчө балдардын ден соолугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен продукциялардын жүгүртүүгө чыгарылышына жол бербөө боюнча ишти уланта бермекчи.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды

Финкөзөмөл Мамлекеттик лотерея компаниясын пландан тышкары текшерүүнү баштады

Саламаттык сактоо министрлиги: Курултайда көтөрүлгөн тапшырмалар 75% аткарылды

Акыркы 5 жылда мугалимдердин айлыгы эки эсеге өстү

Bishkek Snow Leopard Run: марафондон жаратылышка жардам (видео)