Ош шаарында заманбап медициналык борбор ачылды
Бүгүн Ош шаарында "Клиника Ош" медициналык борбору ачылды. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун тең төрагасы катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мэр бул борбордун ачылышы шаар үчүн маанилүү кадам экенин белгилеп, фондго ыраазычылык билдирди.
"Бул долбоор Кыргызстан менен Азербайжандын достук жана өз ара пайдалуу кызматташтыгынын жакшы үлгүсү. Клиниканын ишке кириши менен түштүк аймагынын тургундары үчүн сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү кеңейет", - деди Жанарбек Акаев.
Медициналык борбор 110 бейтапты кабыл алууга даяр. Анда 120 жумуш оруну түзүлгөн. Кардиология, кардиохирургия, неврология, нейрохирургия, урология, гинекология, жалпы хирургия багыттары боюнча дарылоо жүргүзүлөт.
Борбор түштүк аймагынын тургундарына заманбап жардам көрсөтүп, жарандардын чет өлкөгө барып дарылануу зарылдыгын азайтат.