"Локомотив" комплексинде муз тебүүчү аянтча ачылды
Бүгүн, 6-октябрда "Локомотив" спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинде муз тебүүчү аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынан билдиришет.
Жаңы сезондун ачылышы менен "Локомотив" спорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси балдарды, чоңдорду активдүү эс алууга чакырат. Бул жерде көркөм муз тебүү, хоккей, футбол, бий жана башка багыттар боюнча секциялар иштейт.
Иштөө убактысы: Муз тебүүчү жай күн сайын саат 10:00дөн 24:00гө чейин ачык.
Баалары: 14 жашка чейинки балдар үчүн: 1 саатка 380 сом (коньки ижарасы кошулган). Чоңдор үчүн: 1 саатка 500 сом (коньки ижарасы кошулган).
Билеттерди муз тебүүчү жайдын кире беришиндеги кассадан сатып алууга болот.