Агартуу министрлиги жана Ислам өнүктүрүү банкы Smart-Ed долбоорун талкуулады
Бүгүн Агартуу министрлигинде Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууга министрдин орун басары Надира Джусупбекова, ИӨБдүн Алматыдагы аймактык хабынын жетекчиси Хаммад Зафар Хундал, ИӨБдүн Кыргызстандагы өкүлү Руслан Татиков жана долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Нурлан Атаканов катышты.
Анда Smart-Ed долбоорунун аткарылышы талкууланды. Анын ичинде мугалимдерди ноутбук менен камсыздоо, 7–9-класстар үчүн окуу-методикалык комплекс жана мектепке чейинки билим берүү үчүн 300 көп тилдүү материал даярдоо маселелери каралды.
Долбоордун алкагында педагогдор үчүн 6 миң ноутбук алынып, мектептерге бөлүштүрүү иштери жүрүп жатат.
Жолугушуу ИӨБдүн өлкөлүк программалык жана көзөмөлдөө миссиясынын алкагында өттү.


