Кыргызстанда мектептик тамактануу ар бир окуучуга 40 сомго чейин көтөрүлөт
Филиппиндин Манила шаарында 6-октябрда "Азия-Тынч океан аймагындагы социалдык коргоо жумалыгы - 2026" башталды. Аны Азия өнүктүрүү банкы уюштуруп, 8-октябрга чейин уланат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Иш-чара "Кеңейтилген мүмкүнчүлүктөр, туруктуу келечек" темасында өтүп, анда социалдык коргоо, адамдык капитал жана азык-түлүк коопсуздугу талкууланууда.
Кыргызстандан Агартуу министрлигинин өкүлү Мирбек Рахматильдеев, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өлкөлүк директору Кожиро Накай жана адис Аида Афтандилова катышууда.
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө мектептик тамактануу балдардын ден соолугуна жана билим алуусуна салынган социалдык инвестиция катары каралууда.
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 2027-жылдын 1-январынан баштап 1–4-класстардын ар бир окуучусуна күнүнө бөлүнүүчү тамак-аш ченеми 14 сомдон 40 сомго чейин көтөрүлөт. Бул чечим тамактануунун сапатын жакшыртууга жана ата-энелердин чыгымын азайтууга багытталган.
7-октябрда Мирбек Рахматильдеев "Жөн гана тамак эмес: туруктуу келечек үчүн мектептик тамактануу" аттуу сессияда Кыргызстандын мектептик тамактануу системасын өнүктүрүү тажрыйбасы менен бөлүшөт.