Дүйнөлүк банк Кыргызстандын экономикасы 6,1 пайыздан 9,6 пайызга чейин өстү деп баалады
Дүйнөлүк банк Кыргызстандын 2026-жылдагы экономикасынын өсүшүн 6,1 пайыздан 9,6 пайызга чейин өстү деп баалады. Банк жаңы баа берүүсүн 6-октябрда Европа жана Борбордук Азия боюнча экономикалык байкоо жүргүзүусүндө жарыялагандыгын "Экономист.кг" маалымат булагы билдирди.
Кыргызстан эми өсүү темпи күтүлүп жаткан аймактардын лидерлеринин катарына кирет. Дүйңөлүк банк Борбордук Азиянын экономикасынын өсүшүн орточо эсеп менен 5,8%, Өзбекстандын экономикасын 7,9% деп болжолдойт. Кыргызстан үчүн 9,6 % деп баалоо аймактардагы эң жогорку көрсөткүч.
Дүйнөлүк банк 6-июнда үзгүлтүксүз жарыялоочу "Глобалдуу экономикалык перспективалар" докладында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүшүн болгону 6,1% деңгээлде болот деп күткөн. Ошентип 4 айга жетпген убакта 3,5 пайызга өстү деп бааланды.
Дүйнөлүк банктын божомолу Азия өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык валюталык фондунун божомолдорунан жогору. Ошол эле учурда Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүу банкынын божомолунан төмөн, аталган банк Кыргызстандын өсүшүн 2026-жылы 10,2% пайыз деп божомолдойт.