Азияга карай финансылык көпүрө: BAKAIдын Гонконгго чыгышы тууралуу Тимур Ибрагимов менен маек
BAKAI Гонконгдо филиал ачууга лицензия алды. Бул Кыргызстандын банк сектору жана бүтүндөй аймак үчүн маанилүү окуя. BAKAI дүйнөдөгү алдыңкы финансылык борборлордун биринде өз филиалы бар Борбор Азиядагы биринчи банк болот. Бул жетишкендиктин өлкө үчүн мааниси жана бизнеске ачыла турган жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу BAKAI Башкармасынын төрагасы Тимур Ибрагимов айтып берет.
- Тимур Сергеевич, Гонконгдо филиал ачуу Кыргызстан үчүн эмнеси менен маанилүү?
- Кыргызстандык банк дүйнөдөгү ири финансылык борборлордун бирине чыгууда. Өлкөбүз үчүн бул чоң кадам. Биз Кыргызстандын банк рыногу менен Азиядагы эл аралык финансылык инфраструктуранын ортосунда түз байланыш түзүп жатабыз.
Негизги максатыбыз - ишкерлерге чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иштешүүдө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү. Компанияларга ыңгайлуу эсептешүүлөр, товар жеткирүүлөрүн каржылоо жана бүтүмдөрдү банк аркылуу коштоо керек. Гонконгдогу өз филиалыбыз бул кызматтарды эл аралык сооданын негизги борборлорунун биринде өнүктүрүүгө шарт түзөт.
Мен үчүн ишкерлер бул кадамдын пайдасын күнүмдүк ишинде сезиши маанилүү. Натыйжаны кардарларга тийгизген пайдасына карап баалайбыз.
- Эмне үчүн Гонконгду тандадыңыздар?
- Гонконг эл аралык соодада маанилүү орунду ээлейт жана Кытай рыногун башка өлкөлөр менен байланыштырат. Бул жерде компаниялар эл аралык эсептешүүлөрдү жүргүзүп, соода операцияларын каржылоо үчүн пайдалана турган өнүккөн финансылык инфраструктура бар.
BAKAI үчүн - Гонконг Кытай жана Азиянын башка өлкөлөрү менен иштеген кыргызстандык бизнести колдоо үчүн ыңгайлуу борбор. Бул жерде өз филиалыбыздын болушу өнөктөштөр менен жеринде түз иштешүүгө жана кардарларыбыздын муктаждыктарына ылайык кызматтарды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Биз Гонконгду Азия рынокторунда иштөө үчүн негизги борбор катары карайбыз. Филиал аркылуу импорттук жана экспорттук бүтүмдөрдүн финансылык бөлүгүн коштоону пландап жатабыз.
- Филиал иштеп баштагандан кийин ишкерлер үчүн кандай конкреттүү өзгөрүүлөр болот?
- Биз эл аралык эсептешүүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү, сооданы каржылоону жана аккредитивдерди камтыган документардык операцияларды сунуштоону пландап жатабыз. Импорттук жана экспорттук бүтүмдөрдү коштоо өзүнчө багыт болот. Ошондой эле жаңы эл аралык төлөм кызматтарын өнүктүрөбүз.
Жөнөкөй мисал келтирели. Кыргызстандагы компания чет өлкөлүк жеткирүүчүдөн жабдуу сатып алат дейли. Ал төлөм шарттарын макулдашып, эсептешүүнү жүргүзүп, сатып алууну кантип каржылоону чечиши керек. Биз ушундай бүтүмдөрдүн финансылык бөлүгүн уюштурууга жардам берген банктык чечимдерди сунуштоону көздөйбүз.
Экспорттоочунун да өзүнө тиешелүү маселелери бар: товар үчүн төлөмдү алуу, сатып алуучу менен эсептешүү тартибин туура түзүү. Ошондуктан ар бир чечим конкреттүү келишимдин шарттарына жана компаниянын муктаждыктарына жараша тандалат.
- Сооданы каржылоо жана аккредитивдер бизнеске кандай мүмкүнчүлүк берет?
- Соода менен алектенген компания товарды сатып алууга аны сатуудан түшкөн акча келгенге чейин эле каражат жумшайт. Сооданы каржылоо дал ушул учурда жардам берет. Компания төлөм мөөнөттөрүн жана каражаттын эсепке түшүү убактысын эске алып, товар жеткирүүлөрүн алдын ала пландай алат.
Аккредитивдерди камтыган документардык операциялар сатып алуучу менен жеткирүүчүгө эсептешүү шарттарын жана документтерге коюлган талаптарды алдын ала тактап алууга жардам берет. Чет өлкөлүк өнөктөш менен иштегенде бул өзгөчө маанилүү, анткени эки тарап төлөмдүн тартибин алдын ала макулдашып алганы абзел.
Биз бизнеске ушундай чечимдерди сунуштоону пландап жатабыз. Кайсы чечим ылайыктуу болору келишимдин шарттарына жана компаниянын муктаждыктарына жараша аныкталат.
- Гонконгдогу филиал кимдерди тейлейт? Жеке кардарлар үчүн кызматтар каралганбы?
- Филиал бизнес менен иштейт. Гонконгдо жеке жактарды тейлөө пландалган эмес. Негизги көңүл эл аралык соодага жана ага байланыштуу финансылык кызматтарга бурулат.
Биринчи кезекте Кытай жана Азиянын башка өлкөлөрү менен иштеген компаниялар тууралуу сөз болуп жатат. Ошол эле учурда бул рынокторго чыгууну жаңыдан пландап жаткан ишкерлер үчүн да мүмкүнчүлүктөрдү көрүп турабыз.
Лицензия алуу маанилүү этап болду. Кийинки кадам филиалды ишке киргизүү. Азыр айтылып жаткан кызматтар филиал ачылгандан кийинки иш пландарына кирет. Биз үчүн эң башкысы аларды бизнестин реалдуу муктаждыктарына ылайык даярдоо.
- Банк жана өлкө үчүн эң негизги жыйынтык деп эмнени эсептейсиз?
- Эң негизги жыйынтык - Кыргызстандагы компаниялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышы. Биз ишкерлерге чет өлкөлүк жеткирүүчүлөр менен иштөөгө, соода операцияларын каржылоого жана экспортту өнүктүрүүгө жардам берүүнү көздөйбүз. Кардар Кыргызстандагы бизнесинин өзгөчөлүгүн жакшы түшүнгөн жана Азияда өз филиалы бар банкка таяна алат.
Филиалдын ачылышы BAKAIга бул багыттагы ишти кеңейтүүгө негиз түзөт. Биз бул мүмкүнчүлүктү кардарлардын ишкердик байланыштарын кеңейтүүгө жана жаңы рынокторго чыгышына жардам берүү үчүн пайдаланабыз.
Ал эми Кыргызстан үчүн бул кадамдын чыныгы мааниси бизнес ишке ашыра турган конкреттүү келишимдерде, товар жеткирүүлөрүндө жана жаңы долбоорлордо көрүнөт.

